Эл аралык Минамат конвенциясына дүйнөнүн 128 өлкөсү кошулган, ал эми Кыргызстан кантет?

07-05-2018 17:02

“Сымаптын ден-соолукка, айлана чөйрөгө тийгизген зыянын азайтуу максатында Минамат конвенциясын Жогорку Кеңеште ратификациялашыбыз керек”,- дейт Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Рада Туманбаева “Парламент” радиосунун түз эфиринде.

Сымап тууралуу Минамат конвенциясы – адамдардын ден-соолугун жана айлана чөйрөнү зыяндуу заттардан коргоого багытталган өлкөлөр арасындагы эл аралык келишим. Ага ылайык өндүрүштө сымаптын колдонулушу жөнгө салынышы керек. 2020-жылдан баштап, бул конвенция сымапты камтыган продукцияларды экскорттоого же импортоого тыюу салат. Атаган конвенцияга дүйнөнүн 128 өлкөсү кошулган.

Ошондой эл өкүлү маектин жүрүшүндө Ош облустундагы иш сапары тууралуу да айтып берди. “2018-жылы 2017-жылга караганда укук бузуулардын катталуусу көбүрөөк болуп жатат. Андай кылмаштар буга чейин болуп жүргөнү менен,  бирок кээ бир себептерден улам алар каттоого алынган эмес”,-дейт Р. Туманбаева.

Кылмыштуулуктун бетин ачуу багытында атайын көчмө топ иштеп, арыздарды кабыл алуучу шарт түзүлдү. Тактап айтканда 19 автоунаа менен камсыздалган ички иштер органдары, алыскы аймактарга барып, каттала элек же катталбай калган кылмыштардын изин суутпай дароо кылтакка илүүгө жетишип жатышат, - дейт депутат Р. Туманбаева.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 311

Окшош жаңылыктар