ЖАҢЫЛЫКТАР 07.05.18.

07-05-2018 08:44

Бүгүн, 7- майда Бюджет жана финансы комитет 2018-жылдын январь-март айына карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматты угат. Андан тышкары ”Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун карайт. Бул багыттагы маселеге депутат Мирлан Бакиров демилгечилик кылууда.   

                           СНХ.М.БАКИРОВ

Өздөрү банкроттук абалда делген айрым акционердик коомдордун директорлор кеңешине мүчөлүккө өтүүгө болгон аракет эмнеге күч десе, көрсө, андагыларга айлык берилгенден сырткары, бир топ иш-чараларга миллиондогон каражаттар менен демөөрчүлүк кылынаарын ачыктаган депутат Рыскелди Момбеков болду.

                            СНХ.Р.МОМБЕКОВ

“Ош” базарына ысырыктоо үчүн кыйылган арчалар машинелеп келип жатканы кандай? Буга ким көзөмөлдүк кылыш керек? Болбосо бул курч суроо да? – дейт депутат Сайдулла Нышанов.

                             СНХ.С.НЫШАНОВ

Депутат Аида Касымалиева республикалык бюджетти кароодо мектеп ремонтторуна каражат бөлүнгөндүгүн айтып, бирок эмдигиче каражат бериле электигин сынга алды.

                            СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Депутат Максат Сабиров Ысык-Көл облусун бөйрөгү ооругандар үчүн гемодиализ аппараты менен камсыздоо маселесин чечип берүүнү КР Өкмөтүнөн өтүндү.

                            СНХ.М.САБИРОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                    ТАСМА

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7 – майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:17...22 Ош, Жалал-Абад,Баткен:19...24, Ысык-Көл, Нарын: 12...17 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 7-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 18...20 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 29

Окшош жаңылыктар