ЖАҢЫЛЫКТАР 27.04.18.

27-04-2018 08:47

Бүгүн, 27-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков тарабынан 2018-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде каралган коррупция менен күрөшүү боюнча чаралар жөнүндөгү маселе “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында каралат. Ага КРнын Башкы прокурору баштаган күч түзумдөрүнүн жетекчилери катышат. Ошондой эле ратификациялык мыйзам долбоорлоруна да көңүл бурулат.

Жогорку Кеңештин олтурумуна эми мындан ары  Өкмөт аппаратынын жетекчиси Мурат Мукамбетов катыша баштайт. Бул жакшы саамалык экендигин билдирген депутаттар көп маселенин чечилишине үмүт артышты. Алардын бири депутат Умбеталы Кыдыралиев шайлоочулар айтып жаткан маселени биз өкмөткө табыштайбыз, ошондо ишти ордунан шак жылдырып кеткендей ыкчам аракет көрүлүш керек, -дейт.

                            СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ

Бюджеттик резолюцияга курулушу акырына чыкпай жаткан объектилерди киргизип коюу зарылчылыгы бар. Мындай пикирди билдирген депутат Айнуру Алтыбаева болду.

                         СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Депутат Акылбек Жапаров мамлекеттин тышкы карыздарын төлөөгө деп атайын улуттук резерв фонду болушу керек, - деп эсептейт. Ошондой эле бюджеттин тартышытыгы жокко чыгышы керек, - деп кошумчалады эл өкүлү.

                    СНХ.А.ЖАПАРОВ

Улуттук резерв фондуна чыгашанын 2%ы деп каралган. Аны көбөйтүү жагын Каржы министрлиги сунуштап жатат. Бул тууралуу министр Адылбек Касымалиев төмөндөгүлөрдү билдирди.

                            СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВ

Жаны ишканаларды салыктан 5 жылга бошотуу сунушу суу кечпей кала берүүдө. Бирок, мындай  жагдай резолюцияда каралган. Бул тууралуу депутат Улан Примов маселе көтөрдү.

                  СНХ.У.ПРИМОВ

Президенттин кайрылуулары бюджеттик резолюцияда камтылып келгендигин Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов белгиледи.

                   СНХ.А.АБЫТОВ

Бишкек шаарындагы  86 гектар жер 5 жылдык мөөнөт менен мыйзамсыз ижарага берилип кеткендигин билдирген депутат Акылбек Жамангулов,  - “Ал жерге капиталдык курулуштар түшөт экен. Өкмөт бул маселени кылдат иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүшү керек. Ансыз ордо калаадагы башаламандык токтобойт”, - деп парламенттин кечээки жыйынында билдирди.

                             СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Ордо калаадагы ички жолдордун оңдолуп жатканы жакшы. Бирок, иш туруп калгандай туюлат. Мындай абал элге ыңгайсыздык алып келип унаа тыгындардын  узун сабын да жаратууда, - деген депутат Абдывахап Нурбаев болду.

                    СНХ.А.НУРБАЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                     ТАСМА

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27 - апрелде Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 17...22 Ош, Жалал-Абад, Баткен: 18...23, Ысык-Көл: 10...15, Нарын: 11...16 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 27 –апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с чейин жетет.Абанын температурасы 19...21 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 118

Окшош жаңылыктар