Атмосферага залакасы аз бензиндин түрлөрүнө өтүү талабы жаралууда

23-04-2018 16:50

Бизде колдонулуп жаткан бензиндердин 10 %ы гана жергиликтүү шартта өндүрүлөт. Калган 90%ы чет өлкөлөрдөн алынып келинет. Алардын сапаты экологияга зыянын тийгизбейт, - деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан, атмосферага залакасы аз бензиндин түрлөрүнө өтүү талабы жаралууда. Ага евростандартка дал келген күйүүчү майлар кирет. Бул багытта тиешелүү мыйзам долбоору даярдалууда , - деди Агрардык саясат, суу ресурстары , экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы, депутат Айтмамат Назаров “Парламент” радиосуна курган маегинде. Бензиндин экологияга тийгизген терс таасирин азайтуу максатында “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун комитет бир добуштан жактырды, - деп кошумчалады комитет төрагасы.

“Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына да маанилүү өзгөртүүлөр киргизилет. Ага ылайык, мамлекеттик, бюджеттик, муниципалдык мекемелер сууга төлөгөн каражаттардан бошотулат. Өкмөт тарабынан сунушталган бул мыйзам долбоорду колдошубуз керек”-, дейт депутат Айтмамат Назаров. Бул мекемелер мамлекет тарабынан каржыланат жана бюджеттин бир бөлүгүнөн алып экинчи бөлүгүнө төлөп, чыгым боло бергендин кажети жок, - деп маалымдады ал. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 172

Окшош жаңылыктар