Депутат И.Өмүркулов ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели менен жолугушту

20-04-2018 16:34

Бүгүн, 20-апрелде КСДП парламенттик фракциясынын жетекчиси, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясынын башчысы Иса Өмүркулов аталган ассамблеянын төрагасы Георгий Церетели менен жолугушту.

Жолугушуу алкагында конструктивдүү диалогго жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген Кыргызстан менен ЕККУ ПАнын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү зарылчылыгы тууралуу сөз болуп, Бишкек шаарында ушул жылдын 3-5-октябрь күндөрү ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын өткөрүү маселелери талкууланды.

Иса Өмүркулов Георгий Церетелини ЕККУ ПАнын төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ал өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу учкай маалымат берип, Кыргызстан парламенттик демократия жолун тандап алгандыгын жана ушул багытта өнүгүү аракетин улантарын белгиледи.

Мындан сырткары, депутат Бишкек шаарында ушул жылдын октябрь айында өтө турган ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны Кыргызстандагы эле эмес, жалпы аймактагы парламентаризди бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экендигин кошумчалап: “Биз иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшү үчүн болгон аракетибиз жумшайбыз”, – деди.

Өз кезегинде Георгий Церетели ЕККУ ПА үчүн Кыргызстан маанилүү өнөктөш экендигин белгилеп: “Өз ара байланыштарыбыздын негизги натыйжаларынын бири бул – ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын Бишкекте өтүшү”, – деп билдирди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 1087

Окшош жаңылыктар