Төрага Дастанбек Жумабеков өрт кырсыгынан жабыркаган “Берекет” базарынын реализаторлору менен жолугушту

17-04-2018 19:08

Бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков өрттөн жабыркаган “Берекет” базарынын реализаторлорун кайрадан кабыл алды.

Жолугушуу учурунда кырсыктын себебин аныктоо жана кесепетин жоюу багытында жасалып жаткан иштер тууралуу сөз жүрүп, жабыркаган реализаторлор өздөрүнүн сунуш-талаптарын билдиришти.

Төрага Дастанбек Жумабеков алгачкы жолугушууда айтылган маселелер боюнча тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, керектүү маалыматтарды алып жатканын белгилеп: “Биздин максат өрттүн кесепетин жоюу менен жабыркаган жарандарды тез арада жумуш менен камсыздоо болуп эсептелет. Андыктан, баарыбыз болгон аракетибизди жумшап, сиздердин көйгөйдү чечүүгө далалат кылуудабыз. Жакынкы аралыкта Жалал-Абаддагы жана  Ош базарындагы катталган өрт кырсыктары боюнча 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынына тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүн чакырдык. Алардын катышуусу менен ачык-айкын талкуу болот. Мен сиздер тараптан айтылган ар бир сунуш-пикирди жыйында көтөрүп, тийиштүү мекеме жетекчилерине билдирем”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле Төрага жабыркагандарга сабырдуулук тилеп: “Менин колумда насыя алган ишкерлердин алдын-ала берилген тизмеси турат. Бул маселе боюнча да Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен биргелешип зарыл болгон иштерди жүргүзөбүз”,– деди.

Жолугушууга келгендер жумуш орундарын калыбына келтирүү менен күйгөн товарларына компенсация чегерүү жана алган насыяларын төлөөдө жеңилдиктерди берүү сыяктуу бир катар талаптарын коюшуп, убактылуу иштеп тургандай жай менен камсыздап берүүнү өтүнүштү.

Базарда 26 жылдан бери иштеп келе жаткан Бурулкан Абдраманова айтылган суранычтар жалпы “Берекет” базарындагы өрт кырсыгында жабыркагандардын талабы экенин белгилеп, алардын башкы сунушу тез арада жумушчу орундарын камсыздоо менен алган насыяларына жеңилдик берүү болуп жатканын кошумчалады.

Ал эми дагы бир ишкер Гүлсара Боромбаева өрт кырсыгы өтө оор кесепеттерди алып келгенине токтолуп, жабыркагандардын көбү жалгыз бой энелер, карылар жана жаштар экенин билдирди.

Жолугушуу соңунда Төрага эртеңки парламент жыйынында өрт кырсыгы тууралуу боло турган талкууну жеринде угуп, көрүү үчүн жабыркагандардын өкүлдөрүнө да катышууга уруксат берди.  

Эске салсак, 13-апрелге караган түнү "Ош" базарынын аймагында катталган ири өрт кырсыгынан “Берекет” базары жабыркаган. Бул аталган базардын аймагында катталган жыл башынан берки үчүнчү өрт болуп эсептелет.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

  

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 2804

Окшош жаңылыктар