ЖАҢЫЛЫКТАР 17.04.18

17-04-2018 08:47

Бүгүн,17-Апрелде,Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынынында “Жарандык коргонуу жөнүндө” КР Мыйзам долбоору жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн кызыкчылыгында геомейкиндиктин маалымат алмашуу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу талкууланат.

Ал эми Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Отчету жөнүндө вице-премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич баяндама жасайт.

                           СХН Д. КЕНЕКЕЕВ

Жыйын жүрүшүндө депутат Мирлан Бакировдун суроосунан кийин бонитети 40 баллдан төмөн жерлерге бак-дарак эгүү боюнча кабыл алынган мыйзамдын негизинде жалпы республика боюнча 4 миң га дерге бак-дарактар эгилгендиги айтылды.

                          СХН М.БАКИРОВ

Ал эми депутат Рада Туманбаева билим берүү жаатындагы кадрык саясат маселесине токтолуп, ага карата сунуштарын да кошумчалады.      

                          СХН Р.ТУМАНБАЕВА

Региондон келген адис катары депутат Абылкайыр Узакбаев кагаз менен байланышкан бюрократия тууралуу нааразычылыгын билдирди.

                          СХН А. УЗАКБАЕВ

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү жалпы жонунан агрардык тармакта өкмөттүн алгылыктуу иштери бар экенин айтып, «КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчетун эске алуу тууралуу чечим кабыл алышты

Дүйнөлүк парламент жаңылыктары менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырды.

                               ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн, 17-апрелде,мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы:Чүй жана Талас областтарында, 12 ...17 градус жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 15... 20 градуска чейин жылуу болот. Ысык-Көлдө жана Нарында 13...18 градуска чейин жылуу болот.Бүгүн Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы 15..19 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 83

Окшош жаңылыктар