Искусствонун сахна төрүндө орундалып жүргөн ырлардын канчасы фонограммасыз аткарылат?

16-04-2018 12:21

Искусствонун сахна төрүндө орундалып жүргөн ырлардын канчасы фонограммасыз аткарылат? Бул чоң суроо. Ошондуктан, кезегинде ЖК депутаттары ар бир коюлуп жаткан концертте аткарылуучу ырлардын фонограмма менен ырдалаарын - ырдалбасын афишаларга ачык жазып коюу талабын көтөрүп чыгышкан. Бул багытка кайрылып, "Күлгүн жаш" ансамблинин уюштуруучусу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү обончу, аткаруучу Арзыбек Бедияров баштаган топ келип, бүгүн, 16-апрелде "Парламент" радиосунун түз эфиринде болушту. Чыгармачылыктагы ийгиликтери тууралуу ой бөлүшкөн ырчылардын катарында Алтынай Эшбаева, Анара Шаимкулова жана Азамат Жоробаев "Күлгүн жаш" ансамблинен алган алгачкы музыкалык тарбиянын таасирлери тууралуу айтып, чыгармачылык сапардагы эсте калган учурларын да угармандарга төкпөй - чачпай чечилип баяндап беришти.

 

Көрүүлөрдүн саны : 456

Окшош жаңылыктар