ЖАҢЫЛЫКТАР 16.04.18

16-04-2018 07:39

Бүгүн, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйналышында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова баяндайт.

 

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин “Ар кандай маселелер” саатында “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводго байланыштуу маселелер айтылды.Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айыл аймагында жайгашкан “Жунда” мунай кайра иштетүүчү заводу бар. Тегерек четтеги айылдар менен заводдун ортосундагы санитардык норма - 1 чакырымдык узактыкта жайгашуусу керектиги тиешелүү ченемдерде белгиленген. Бирок, эмнегедир санитардык норма заводдун ортосунан башталып эсептелип жатат. Ага кошумча аталган завод жетекчилери завод тегерегине бак-дарак тигүү боюнча алган милдеттемесин аткарбай келет. Бул тууралуу депутат Бактыбек Райымкулов айтып чыкты.

                                          СХН Бактыбек Райымкулов

Борбор калаада көптөгөн жаңы имараттар курулууда. Бирок суу, газ, канализацияга кошулууда көптөгөн көйгөйлөр чыгат. Себеби, борбор калаа мындай көп сандаган имараттардын курулушуна ылайыкташып эсептелген эмес. Анын натыйжасында Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу, автотыгындар, маршруттук такси айдоочулардын иш таштосу жана башка маселелер жаралууда. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Азизбек Турсунбаев Бишкек шаарынын четине жаңы шаар куруу долбоорун иштеп чыгууга мезгил келип жеткенин баса белгиледи.

                                          СХН Азизбек Турсунбаев

Депутат Камчыбек Жолдошбаев борбор калаадагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр сапатсыз бетон, сапатсыз темир менен курулуп жатканын баса белгиледи.                                        

                                         СХН Камчыбек Жолдошбаев

Жакында эле борбор калаадагы маршруттук такси айдоочулардын иш таштоосун эске салган депутат Экмат Байбакбаев бул маселени чечүүдө Тажикстан борбору Душанбени мисалга тартып, Өкмөттү коңшу мамлекеттердин тажырыйбалары менен бөлүшүүгө чакырды.                                       

                                         СХН  Экмат Байбакбаев

“ГазпромКыргызстан” ишканасы газ түтүктөрүн киргизип жатканы менен анын үстүндөгү жолдор “жоголуп” кетип жатканына депутат Марлен Маматалиев кабатырланды. Ошондой эле М.Маматалиев борбор калаада жолдор салынып жатканын жакшы саамалык катары баалап, бирок 2 аптада бүтө турган жолдун курулушу 2 айга созулуп кетип жаткандыгын кошумчалап, Ахунбаев көчөсүнүн Бах көчөсү менен Тыналиев көчөсүнүн ортосундагы тилкесин мисалга тартты.                  

                                          СХН Марлен Маматалиев

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                                              ТАСМА

                                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо суук болушу күтүлөт. Абанын температурасы Чүй: 13...15, Талас: 12...14, Ош, Жалал-Абад,  Баткен:15...18, Ысык-Көл, Нарын: 9...14 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16-апрелде жаан-чачын күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 11...13 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 112

Окшош жаңылыктар