ЖАҢЫЛЫКТАР 13.04.18

13-04-2018 08:27

 Бүгүн,Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын 2019-2021-жылдарга Бюджеттик резолюциясынын долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтөт.

Ошондой эле бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун кароо боюнча Республика – Ата Журт» парламенттик фракциясынын жыйналышы өтөт.

12-апрелде Жогорку Кеңештин “Ар кандай маселелер” саатында борбор калаанын бир катар көйгөйлөрү көтөрүлдү.

 

Быйыл залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси белгиленет. Эл арасында маарекеге даярдыктар начар жүрүп жатат дегендей пикир жаралууда. Ошондуктан, маарекеге даярдык көрүү иш-чараларын жандырууга тийишпиз. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                                          СХН Мирлан Бакиров

Депутат Алтынбек Жунус уулу Мегаком компаниясынын сатылышына каршы болгондугун айтып,мыйзамдуу иштерди жазаган жетекчилер эмне үчүн жазаланышы керек экенин да кошумчалап кетти.

                                         СХН Алтынбек Жунус уулу

Кечээ «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын-ылгоо заводу мыйзамсыз курулуп жатат деген маалымат таркатышты. Анда эмне үчүн «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчилери өздөрүнө тиешелүү «Макмал» комбинатынын аймагында курулуп жаткан мыйзамсыз курулушту токтото алышкан эмес. Бул маселени тармактык комитетте карап, бир чечимге келишибиз керек», - деди депутат Айтмамат Назаров

                                         CХН Айтмамат Назаров

“Каза болгон адамадарды көмүүгө мүрзө кызматкерлери 100 миң сомго чейин акча талап кылууда жана коррупциянын бул түрүн көзөмөлдөө керек”,- дейт депутат Ирина Карамушкина

                                       CХН Ирина Карамушкина

Баткен мамлекеттик университети 2000-жылы мурдагы бала бакчанын базасында түзүлгөн. Анын жаӊы имаратынын курулушу боюнча маселени ушуну менен тогузунчу жолу көтөрүп жатам, бирок ушул кезге чейин жообу жок . Бул тууралуу депутат Карамат Орозова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.                        

                                        CХН Карамат Орозова

Депутат Махабат Мавлянова “Газпром” акционердик коому менен түзүлгөн келишимдеги талаптар аткарылып жатабы деген суроону коюп: “Эгер алар аткарылбаса, макулдашууну кайра карап чыгуу керек. Антпесе мамлекеттин кызыкчылыгы артка жылдырылып жатат деп кабыл алууга туура келет”,- дейт.

                                      CХН Махабат Мавлянова

 Бишкек шаарында көчө бойлоруна жеңил конструкциядагы курулмаларга уруксат берилген. Мисалы, Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишине курулма курууга уруксат берилип, эл басуучу тратуардын үстүнө чейин салынып кеткен. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Алмазбек Акматов шаар тургундарынын көптөгөн бак-дарактардын кыйылышы боюнча арыздарын кошо Өкмөттүн астына койду.  

                                      CХН Алмазбек Акматов

 

Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн  өлкөнүн кээбир аймактарында  жаан-чачын күтүлүүдө. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:Чүй жана Талас областтарында 15 ...12 градус жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 16... 21 градуска чейин жылуу болот. Ысык-Көлдө жана Нарында 12...17 градус жылуу болот. Бүгүн Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы 21..23  градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 60

Окшош жаңылыктар