ЖАҢЫЛЫКТАР 12.04.18

12-04-2018 08:31

Бүгүн 12-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында бир катар мыйзамдар каралат.

Жогорку Кеӊеш КР Премьер-министри Сапар Исаков тарабынан Өкмөттүн аппарат жетекчисине сунушталган Мукамбетов Мурат Картайбековичтин жана юстиция министрлигине сунушталган Абдылдаева Айнур Нуралиеванын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊеште жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо мөөнөтүн азыркы 1 айлык мөөнөттөн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушталууда. Аларды каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтердин саны да кыйла кыскартылмакчы.

Кечээ Жогорку Кеңеш жыйынында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлѳрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Анын концепциясы билим денгээлин кѳз карандысыз баалоону квалификациялык тестирлѳѳнү киргизүүнүн жыйынтыгы менен ЖОЖдордо окуу процесстеринин сапатын жогорулатууга багытталган. Бул мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Алтынай Өмүрбекованын маалыматы боюнча ѳлкѳбүздүн жогорку окуу жайлары эл аралык рейтингде бир дагы орунга татыган эмес. “Мыйзам долбоору менен сапатсыз билимге жоопкерчиликти күчөтүү максаты коюлган”,- дейт депутат А.Өмүрбекова.             

                                      Алтынай Өмүрбекова.

Депутат Женчороев Мирлан :“Биздин кайсы окуу жайлар эл аралык рейтинге  кирди”-деген суроону Билим берүү министиринин орун басарына узатты.

                                       Женчороев Мирлан

 Бир эле тест аркылуу баардыгын билимин текшерүү мүмкүн эмес, атайын денгээлдеги тесттерди чыгаруу керек дейт Депутат Дастан Бекешев  

                                            Бекешев Дастан

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева  чет өлкөлөрдүн практисыында жогорку окуу жайды аяктаганда тесттирлөө өткөрүшпөйт экенин баса белгилеп кетти.

                                         Эльвира Сурабалдиева 

 Билимдин сапатын жогорулатуу үчүн Көп окуу жайларды  ача бербей, сапатсыздарын кыскартышбыз керек дейт депутат Кубанычбек Нурматов

                                       Кубанычбек Нурматов

                                       Аба ырайы тууралуу маалымат

Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн  өлкөнүн кээбир аймактарында  жаан-чачын күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:Чүй жана Талас областтарында күндүз 15 ...20 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында  күндүз 16... 21 градуска чейин жылуу болот. Ысык-Көлдө жана Нарында күндүз 12...17 градуска чейин жылуу болот.Бүгүн Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы 18..18 градуска чейин жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 138

Окшош жаңылыктар