ЖАҢЫЛЫКТАР 11.04.18

11-04-2018 08:25

 

Бүгүн, 11- апрелде Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинде “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”,  “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлѳрдү киргизүү тууралуу”  жана башка мыйзам долбоорлор каралат.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети КР Премьер-министри Сапар Исаков тарабынан Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Мурат Мукамбетов жана юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин сунуштады.

                                                           CХН Сапар Исаков

 Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окуунун режиминде каралды. Демилгечилер- Жогорку Кеңештин депутаттары А.Юсуров, М.Бакиров, К.Жолдошбаев.

Талкууда депутат Асылбек Жээнбеков баштаган эл өкүлдөрү эл арасында ай арасы, айдын чыгышы сыяктуу элдик календарды тутунгандар бар экенин, алардын айткандары негизинен туура чыгаарын айтып, мыйзам менен мындай жарандарга айыппул салуу туура эместигин белгилешти. 

                                                          CХН Асылбек Жээнбеков

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынында  Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017 жылдагы иши жөнүндө отчетун  Вице- Премьер-Министри Дайыр Кенекеев сунуштады.

                                                           CХН Дайыр.Кенекеев

 Депутат Искендер Матримов  реформанын бүгүнкү күндө керек  беле жана кандай жылыштар болду деген суроону Вице- Премьер-Министри Дайыр Кенекеевге узатты.

                                                          CХН Искендер Матримов 

Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн  өлкөнүн кээбир аймактарында  жаан-чачын күтүлүүдө. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:Чүй жана Талас областтарында түнкүсүн  5...10, күндүз 15 ...18 градус ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да түнкүсүн 6...8, күндүз 18... 20 градуска чейин ысык болот. Ысык-Көлдө жана Нарында күндүз 13...17 градуска чейин жылуу болот.Бүгүн Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 4... 6, күндүз 15..17 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 26

Окшош жаңылыктар