ЖАҢЫЛЫКТАР 10.04.18

10-04-2018 07:57

Өткөн аптада Жогорку Кеңешинин депутаттары Каныбек Иманалиев жана Акылбек Жамангулов Чүй облусунун Кемин районундагы айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушту.Жолугушууда райондогу жана айылдардагы бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору талкууланды.

Мындан сырткары, коомчулукта прокуратура кызматкерлерине карата сын-пикир арбын экенин айткан эл өкүлдөрү башкы көзөмөл органынын ишине канаттандырарлык эмес деген баа беришти. Ошондой эле “Ата Мекен” фракциясы башкы прокурор Индира Жолдубаевага ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен, анын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия түзүү сунушун киргизүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Бүгүн Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында саат 10.00 до Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчету тууралуу талкууланат

Ошондой эле саат 10:00 Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышы өтөт.

Өткөн аптада өткөрүлгөн жыйында Депутат Зарылбек Рысалиев Ош базардагы өрт кырсыгында, «Ала-Тоо» ресторанындагы массалык ууланууда жана маршруттук айдоочулардын массалык иш таштоосунда эл алдына чыкпаган шаар мэринин ишин дагы сынга алды.

                                     СХН  З.Рысалиев

Россиянын Кемерово шаарындагы өрт кырсыгынан улам борбор калаадагы бир катар соода комплекстеринде окуулар өткөрүлдү. Мындай маалымат менен бөлүшкөн депутат Кубанычбек Нурматов дүйнө жүзүндө соода комплекстеринде балдар ойноочу жайлар 1-кабатта жайгашкандыгын айтып, өлкөдөгү соода комплектстеринде балдар ойноочу жайларды 1-кабатка жайгаштыруу боюнча тапшырма берүү керектигин баса белгиледи.

                                     СХН. К.Нурматов 

Депутат Умбеталы Кыдыралиев борбор калаадагы Улуттук медициналык борбордун («Эне жана бала» борбору) имаратын оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен каражат бөлүү зарылдыгын Өкмөткө багыттады. Депутат мындай билдирүүсүн жүрөгү оорулуу болуп төрөлгөн балдарды дарылоого жер, имарат, орун жоктугу менен түшүндүрдү.

                                    СХН У.Кыдыралиев

Депутат Альфия Самигуллина Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында анестезиолог адистигинин тартыштыгын, ага себеп катары төрөткана имаратынын авариялык абалы, реанимация, хирургия бөлүмдөрүнүн бири-биринен 500 метрде алыс жайгашкандыгы экенин тизмектеди. Депутат төрөткана үчүн 12,5 миллион сомду 2018-жылдын республикалык бюджетинин капиталдык салымдар беренеси менен курулуучу обьектилердин титулдук тизмесине киргизүүнү өтүндү.

                                   СХН А.Самигуллина

                                                            Аба ырайы тууралуу маалымат

Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн  өлкөнүн кээбир аймактарында  жаан-чачын күтүлүүдө. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:Чүй жана Талас областтарында түнкүсүн  5...10, күндүз 15 ...18 градус ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да, күндүз 18... 20 градуска чейин ысык болот. Ысык-Көлдө жана Нарында күндүз 13...17 градуска чейин жылуу болот.Бүгүн Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 4... 6, күндүз 15..17 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 28

Окшош жаңылыктар