ЖАҢЫЛЫКТАР 05.04.18

05-04-2018 07:45

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Чүй облусунун Кемин районундагы жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушту.Жолугушууда Кемин районуна тиешелүү бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, ичүүчү жана сугат суу, ошондой эле жерлерди трансформациялоо маселелери айтылды.

Мындан сырткары, жолугушуунун катышуучулары Төрага Дастанбек Жумабековдон асфальт жана сүт өндүрүүчү заводдорду куруу үчүн инвестиция тартууга көмөктөшүүнү өтүнүштү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары белгилегендей, кеминдиктер сүттү Токмок шаарына өткөрүшөт. Эгер Кемин районунда сүт заводу ачылса, жергиликтүү элди жумуш менен камсыздоого да жакшы шарт түзүлмөк. Ишкана үчүн жер тилкеси да каралган.

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган маселелерди эске аларын билдирип, асфальт жана сүт өндүрүүчү заводду куруу боюнча да инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн убада кылды.

 7-апрель күнү Ата-Бейит Мемориалдык комплексинде жана     Ала-Тоо Борбордук аянтында , 7-апрель элдик революция күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлө тургандыгын Төрага Дастан Джумабеков маалымдады.

                                                СХН. Д.ЖУМАБЕКОВ

Депутат Зиядин Жамалдинов курулуп жаткан имараттар сапатсыз курулуп жаткандыгын баса белгилеп , курулуу коопсуздугуна көңүл бурушубуз керек деди.

                                             СХН.З. ЖАМАЛДИНОВ

“ Жакында эле иш таштоого чыккан микроавтобус каттамдарынын айдоочуларын бир четинен түшүнсө болот, инспекциянын кызматкерлери алардан бекер акча алуунун кынуусун алып калышыптыр, ошондуктан аны жоюуш керек",- дейт эл депутаты Дастан Бекешев.        

                                              СХН. Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Махабат Мавлянова Бишкек шаарындагы карылар үйүн, Чүй облусундагы Ак-Суу айылындагы балдар үйүн жана кыдырып, тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп келген. Бүгүнкү жыйында депутат карылар менен балдардын тамак-ашына бөлүнгөн каражаттар максатына толук жетпей жатканына өз жүйөөлөрүн келтирди. Эл өкүлү республика аймагындагы мындай социалдык обьектилерге сабак болуш үчүн күч органдары мыйзам бузууларды акырына чейин иликтеп чыгышын талап кылды.       

                                             СХН.М.МАВЛЯНОВА

Нарын облусунда 280 миӊ адам жашайт. Дартка чалдыккан адамдардын көпчүлүгү Нарын шаарындагы облустук ооруканада дарыланат. Ошондон улам, Нарын шаары менен Нарын районунун тургундары үчүн станционардык дарылануу кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу депутат Алмазбек Баатырбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.        

                                            СХН. А. БААТЫРБЕКОВ

Апта башындагы маршрутчулардын иш таштоосу ордо калаанын тургундары үчүн күтүүсүз болуп, эки күн көптөгөн ыӊгайсыздыктарды жаратты. Укук коргоо органдары да тийиштүү чараларды көрө алган жок. Ошондуктан, ошол күнү автомашиналары каттамдарга чыкпаган, алдын ала эскертилбеген митинг жасаган фирмалардын баарын лицензиядан ажыратуу керек. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                                            СХН.И.КАРАМУШКИНА

                                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн  өлкөнүн кээбир аймактарында  жаан-чачын күтүлүүдө. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:Чүй жана Талас областтарында түнкүсүн  5...10, күндүз 15 ...18 градус ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да ,  18... 20 градуска чейин ысык болот. Ысык-Көлдө жана Нарында күндүз 13...17 градуска чейин жылуу болот.Бүгүн Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурас, күндүз 15..17 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 53

Окшош жаңылыктар