Cоциалдык түйүндөрдүн активдүүлүгү артып жатканда газета – журналдардын окумдуулугу  кандай болууда?

04-04-2018 17:22

Заман талабы өзгөрүп, социалдык түйүндөрдүн активдүүлүгү артып жатканда газета – журналдардын окумдуулугу  кандай болууда? Бул маселе бүгүн, 4-апрелде “Парламент” радиосунун түз эфиринде талкууланып, уктурууга белгилүү акын, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” Бактыгүл Чотурова жана “Жетиген” журналынын башкы редактору Абдиламит Жумашев чакырылды.

Социалдык түйүндөрдүн ыкчам маалымат тараткандыгы артыкчылыктуу болгону менен, андагы кабарларды кайсыл мезгил болбосун таап окуу бир топ татаал. Ал эми газеталарды китепканаларда сактап, журналдарды чакан китеп катары пайдалангандар көп. Демек, газета – журналдардын окумдуулугу эч качан жолбойт, - деп ишендирди акын Бактыгүл Чотурова.

Ошондой эле ал, - радио, телекөрсөтүүлөрдө аткарылып жаткан музыкалык чыгармаларды эфирге алып чыгууда обон ээси, же аткаруучу гана тааныштырылбастан, ырдын сөзүн жазган акындардын да бирге аталышы – бул маданияттуулук, - деп кошумчалады жалпы маалымат таркатуу булактарынын иши тураалуу сөз кылып.

Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдырууда “Жетиген” журналынын салымы зор. Андагы жарыяланган ар бир маалымат позитивдүү миссияны аркалап, араздашууларга алып келбей турган маалыматтарды камтыйт, - дейт аталган мезгилдүү басылманын башкы редактору Абдиламит Жумашев.

Үстүбүздөгү 2018- жыл - элибиздин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын белгилене тургандыгы менен да өзгөчөлүү. Бул датага арнап, “Жетиген” журналы кезектеги 7 жылдыгын Талас жергесинде өткөрүп, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын кеңири чагылдыруу аракетин көрө баштады, - дейт аталган журналдын башкы редактору.

 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 551

Окшош жаңылыктар