ЖАҢЫЛЫКТАР 04.04.18

04-04-2018 08:56

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңеш кезектеги жыйынында күн тартибин тактап, апрель айындагы парламент ишинин календарлык планын бекитет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралат.  “Салыктык эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланат. Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине кошумчалана турган өзгөртүүлөр да экинчи окуунун режиминде кайра каралмакчы.  

Көпчүлүк жарандар турак жайларын камсыздандырууга азырынча даяр эмес. Бул тууралуу Төрага Дастанбек Жумабеков Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирген эле. Анткени, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамды талкуулоо учурунда элдин басымдуу бөлүгү менчик камсыздандыруучу компаниялар жок болуп кетсе кантебиз?,- деп кооптонушканын айтты. 

                             СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Аскер адамдарынын өз жанын кыюусуна негизинен эмнелер себеп болууда, аларды өлүмгө эмнелер түртөт? Депутат Тазабек Икрамов Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде аскер адамдарынын өмүрүн камсыздандыруу маселеси каралып жатканда ушундай собол салды.

                             СНХ.Т.ИКРАМОВ

Азыркы учурда өз жанын кыйгандардын саны азайып баратканын белгилеген Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев мыйзамга сунушталган жаӊы ченемдер бюджеттен кошумча чыгымдарга кириптер кылбай турганын айтты. «Анткени, аскер адамдарын камсыздандырууга биздин бюджеттин 3 пайыз каралган же ал 26-27 млн сомду түзөт. Мындайча айтканда, бир адамга 1 млн 40 миӊ сом бөлүнөт», - деди ал.

                             СНХ.Н.КЕДЕЕВ

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет кечээки жыйынында  2017-жылдагы Ош областынын Өзгөн районундагы болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын фактылары боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган  токтомдордун аткарылышын карады.  КР вице-премьер-министри Дайыр Кенекеевдин маалымдашынча, аталган табигый кырсыктын залакасы тийген имарат – жайлар ушул 2018 – жылы толугу менен 100%га бүткөрүлөт.

                             СНХ.Д.КЕНЕКЕЕВ

Депутат Улукбек Ормонов табият кырсыгынан улам кыйраган объектилерди каржылоодо бир топ суроолор бар, - дейт. Мисалы, Ынтымак айылындагы мектеп.
                             СНХ.У.ОРМОНОВ
Административдик кодексте «Тарыхый-маданий мурастарга кол салуу административдик укук бузуу» болуп саналарын белгилеген кошумчалар 117-беренеге кошумчаланууда. Ага ылайык, Ак калпакты шылдыңдагандарга айыппул салынат. Бул боюнча Административдик кодекске өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев жана Бакирдин Субанбековдор сунушташууда.

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                     ТАСМА

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй өрөөнүндө 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 18...23, Талас: 17...22, Ош, Жалал-Абад, Баткен 20...25, Ысык-Көл: 11...16, Нарын: 12...17 градус жылуу болот.  Бишкек шаарында бүгүн, 3-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет.  Абанын температурасы 20...22 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 115

Окшош жаңылыктар