ЖАҢЫЛЫКТАР 03.04.18

03-04-2018 09:12

Бүгүн, 3-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет  2017-жылдагы Ош областынын Өзгөн районундагы болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын фактылары боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган  токтомдордун аткарылышын карайт.  Андан сырткары «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору да талкууга коюлат.

КР вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев КСДП фракциясынын жыйынында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ал өз сөзүндө Германиялык окумуштуулардын далилдерин мисалга келтирип, Кыргызстан эң эски дизелдик автоунаалардын ордосуна айлангандыгын айтып, кейиди.

                              СНХ.А.ШАДИЕВ

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов , - азыркы учурда өлкөдөгү экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун эң эле жөнөкөй жолу деп канча ирет ишембилик  өткөрүлүп, жаш көчөттөр олтуругузулуп жаткандыгын айтып, бирок, жыйынтык жоктугун сынга алды.

                              СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Элеттеги басымдуу элдин кирешеси негизинен мал багуудан түшөт. Тилекке каршы, алардын ырыскысын кошо талашкан карышкырларга каршы туруу жакшы натыйжа бербей жатат, - дейт депутат Чыныбай Турсунбеков экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат талкууланып жатканда.

                              СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

КР вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев 2017-жылдын жыйынтыгында карышкырдан 30 млн сом зыян тартканын билдирди. «Албетте, 30 млн сом элеттиктер үчүн чоӊ чыгаша», - деп кошумчалады ал.

                              СНХ.А.ШАДИЕВ

Таштандыларды иштетүүдөн кып-кызыл акча табылат. Ошондуктан, андай жайларды ээлеп алгандар көп. Кыргызстан боюнча жалпысынан 391 таштанды төгүлө турган жайлар иштесе, анын 61и гана мыйзамдуу иштеп жаткандыгын депутат Рыскелди Момбеков тактап, тиешелүү тараптарга кабат –кабат суроо берди.

                             СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                        ТАСМА

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 13...18, Талас: 12...17, Ош, Жалал-Абад,  Баткен:15...20, Ысык-Көл, Нарын: 9...14 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 3-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 15...17 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 144

Окшош жаңылыктар