Белгилүү кыргыз акыны Жолон Мамытовдун ырлары - эл өкүлдөрүнүн көркөм окуусунда

02-04-2018 13:24

1- апрель айтылуу акын Жолон Мамытовдун туулган күнү. Бул датаны көз жаздымдын кетирбеген поэзия сүйүүчүлөр бүгүн, 2-апрелде "Парламент" радиосунун түз эфиринде акындын ыр саптарынан көркөм окуп беришти. Студияда мейманда: ЖК депутаттары Т.Икрамов,Э.Токтошев, белгилүү акын А.Акбаров, ЖК Аппаратынын кызматкерлери И.Нуракун уулу, С.Бараканова жана жалпы эле акындын чыгармачылыгын барктаган жана аны жакындан тааныган өкүлдөр болушту.

Депутат Тазабек Икрамов акындын "Издейм сени", ал эми депутат Э.Токтошев "Ата журт" аталышындагы ырларын окуп беришти.

Обончу Асанкалый Керимбаевдин акын Жолон Мамытовдун сөзүнө жазылган "Кусалык" деп ырдалып жүргөн ырынын адепки аты "Арноо" деп аталганын ЖК Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунун көркөм окуусундагы ырдан улам билдик. 

Өрттүү акын, - деп Жолон Мамытовго берилген баа, анын ырларынын курчтугуна, чындыктан тайманбастыгына карата айтылса керек.Бул тууралуу акын Атантай Акбаров айтып берсе, акындын өкүл кызы Салтанат Бараканова менен акындын келини Гүлзар Абдимиталипова акындын жеке сапаттары тууралуу да билгендерин айтып, ырлардан көркөм окушту.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 463

Окшош жаңылыктар