ЖАҢЫЛЫКТАР 02.04.18

02-04-2018 12:05

Бүгүн, 2-апрелде Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндөгү» мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр да талкууга коюлат. «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндөгү» токтомдун өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулат.  

Капиталдык салымдардын титулдук баракчасы жашыруун документтердин катарына кирет. Кала берсе аны депутаттар дагы ала алышпайт. Мындай пикирди айткан эл өкүлү Акылбек Жамангулов “Республика – Ата - Журт” фракциясынын жыйынында маселе көтөрүп, аталган тизменин жыйынтыктоочу варианты менен тааныштырууда убакытты созуп олтурган тиешелүү органдардын ишине нааразы болду.

                               СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Депутат Кожобек Рыспаев ветеринария тармагындагы баш аламандыктарга кайрылып, сырттан келип жаткан эт азыктарынын тыкыр текшерелиши керек, -дейт. “Бирок, иш андай болбой жатат. Ош базарындагы ветеринар адистер мөөрүн чөнтөгүнө сала жүрүп текшерүү жүргүзгөндөрү кандай?” –деген суроого жооп берүүнү өлкөнүн башкы ветеринарынан талап кылды.

                               СНХ.К.РЫСПАЕВ

Депутат Эмил Токтошев “Аймактарды өнүктүрүү жылында” жер-жерлерде турак үй курууга жер тилкесин трансформациялоо маселеси жылбай жатканына токтолуп, талаштуу маселелер орун алган Аламүдүн, Сокулук райондорунан сырткаркы жерлердеги жер тилкелерин трансформациялоого мораторийди алып салууну сунуш кылды.

                               СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Таза суу үчүн бонус төлөтүүнүн кереги жок болсо да, айрым жерлерде жер астынан бургулап суу чыгарып алгандарды лицензия алып, бонус төлөгүлө деп кыйнап жаткан учурлар жолугат экен. Бул тууралуу депутат Аалы Карашев парламент жыйынында айтып чыкты.

                               СНХ.А.КАРАШЕВ

Ошол эле таза суу темасын уланткан депутат Бактыбек Райымкулов Панфилов районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн 20% гана калкы таза суу ичип, калганы жерди 15-20 метрге чейин казып суу чыгарууга аргасыз, -деди.

                               СНХ.Б.РАЙЫМКУЛОВ

Таза суу маселесинде ишти илгери жылдырган органдардын катарында АРИС долбоору да бар. Бирок, ошол АРИСтеги 20 миллион доллардык долбоорлордун баары кимдин айынан токтоп турганы белгисиз. Өкмөт ушул жагдайга көңүл бурса, - дейт депутат Рыскелди Момбеков.

                              СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                        ТАСМА

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 11...16, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 13...18, Ысык-Көл, Нарын: 5...10  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы  13...15  градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 343

Окшош жаңылыктар