ЖАҢЫЛЫКТАР 30.03.18

30-03-2018 08:53

Бүгүн, 30-мартта КСДП фракциясынын кезектеги жыйыны болот. Анын кароосуна Кыргыз Республикасындагы экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси коюлган. Бул багыттагы суроолорго Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев баштаган өкмөт өкүлдөрү жооп беришет.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясы кезектеги олтуруман чогулуп, анда. 2015-2017-жылдар аралыгында республикалык бюджеттен каржыланган капиталдык курулуш объекттердин учурдагы абалы жана «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча чыгашаларды каржылоонун натыйжалуулугу тууралуу маселени талкуулайт. Негизги баяндаманы КР Вице-премьер-министри Санжар Муканбетов, ал эми  кошумча баяндаманы КР Финансы министри Адылбек  Касымалиев даярдап келет.

Депутат Акылбек Жамангулов “Кумтөр” кенин иштеткен “Центерра Голд инк” компаниясынын экологияга тийгизип жаткан зыяндуу таасирлерине токтолуп, “КР Өкмөтү аталган компанияга карата экологияны бузгандыгы үчүн 160 млн долларга доо арыз бергенде кубанган элек”, - дейт. Эл өкүлү компанияга болгон доо кайра артка кайтарылып алынганы жатканы боюнча сөздөр жүрүп жаткандыктан, Өкмөттөн расмий билдирүүнү талап кылаарын айтты.

                                          СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

“Компаниялардан түшкөн кошумча нарк салыктары боюнча каражатты кайра кайтаруу боюнча комиссия иштейт. Жакында ошол коллегиалдуу орган тарабынан бюджетке 800 миллиондон ашуун зыян келтирилгени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Натыйжада салык кызматынын 5 адиси иштен бошотулду”,- дейт депутат Гүлшат Асылбаева парламенттин кечээки жыйынында.

                                          СНХ.Г.АСЫЛБАЕВА

Эми парламенттин тармактык комитеттеринде каралган маселелер менен тааныштырабыз. Бул боюнча маалыматтарды баяндап микрофондо штаттан тышкаркы кабарчыбыз Индира Куралбекова

                                                  ТАСМА

Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен эл аралык өнүктүрүү ассосациясыны ортосундагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүүнү кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө КР мыйзам долбоору каралды. Долбоордун баасы 43 млн эки жүз миң АКШ доллары түзөт. Каражат таза сууга жумшалаарын Архитектура, курулуш, турак – жай –коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдирди.

                                          СНХ.Б.АБДИЕВ

Кыргыз Республикасы менен Сауд аравия Каролдугунун ортосундагы медициналык борболорду жана карантиндик аймактарды жабдуу боюнча гранттык макулдашуунун долбоору парламенттин тармактык комитетинде колдоо тапты. Долбоордун негизги максаты саламаттыкты сактоо тармагына жумшалат. Анын наркы 3 млн 797 мин АКШ долларына бааланууда. Бул тууралуу  финансы министри Адыл Касымалиев маалымдады.

                                         СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВ  

Депутат Карамат Орозова аймактарга көбүрөөк көңүл бөлүүнү өтүнүп, алыскы Баткен жергесинде кыйынчылыктар бар экенин белгиледи.

                                         СНХ. К.ОРОЗОВА  

Бүбүйра Кыдыралиева апанын алган пенсиясы 6700 сомду түзөт. Ал 1937-1938-жылдары кыргыз элинин каймактары, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн кайда атылгандыгы боюнча “Ата-Бейит” сырын ачкан алгачкы өкүл. Жашы 90го келип, кыйналып тургандыгынан кабар алган эч ким жок, - дейт депутат Абдывахап Нурбаев.        

                                         СНХ.А.НУРБАЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                               ТАСМА

                                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 22...27, Ысык-Көл, Нарын: 11...16  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 30-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  25...27  градус жылуу болот.

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 74

Окшош жаңылыктар