Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары мал жайыттарына айландырылбашы керек

28-03-2018 14:28

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында бир гана ири коруктарга таяна бербестен, чакан коруктарды дагы түзүү зарыл. Бул тууралуу "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн долбоору даярдалууда. Анын маанисин түшүндүрүп, демилгечи депутаттардын бири Мирлан Бакиров бүгүн, 28-мартта "Парламент" радиосунун түз эфиринде болду.

Эл өкүлүнүн айтымында, жайыттын участогу, анча чоң эмес Таштуу-Сай, талаалардын арасындагы айдалбаган талаанын участогу, чоң эмес шалбаа, бадал же камыш өскөн жерлер жана башкалар чакан корук болушу мүмкүн. Ошондой эле коруктарда колдонула турган атайын коридор түшүнүгү да мыйзамдын жаңы кошумчасы, - дейт демилгечи депутат. 

Өзгөчө коргоодо турган аймактарга туш келди мал жаюуга тыюу салыныш керек. Болбосо, алардын кунарын качырып алуу коркунучу бар. Ошол себептен, жогорудагыдай "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары тууралуу" мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр кошумчаналып жатат.

Ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына жакын жерде мамлекеттик стратегиясы бар жолдорду курууга туура келип калган учурлардын болуп калышы да мүмкүн. Бул жагын эске алуу кажет деген сунуш Төрага Дастанбек Жумабеков тарабынан айтылган.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 530

Окшош жаңылыктар