Эски мыйзамды жаңы, бирок жаман мыйзамга айландырып салбашыбыз керек

26-03-2018 18:39

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана туубаса мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмү жогорулатылат. Бул тууралуу даярдалган жаңы мыйзам долбоорунда ошондой эле 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан ашык балдары бар жарандарга ай сайын берилген жөлөкпулдун ордуна муктаж үй-бүлөлөрдүн абалын гана эске алуу менен даректүүлүктү камсыздоо жагдайлары камтылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында кеңири талкуу болду.  

Жөлөкпул боюнча сунушталып жаткан мыйзымдын жаңы редакциясы ишке кирсе алга жылбай эле кайра артка 2009-жылдарга кайтып баргандай болуп калабыз, - деген депутат Аида Касымалиева, - “Ансыз да каражаттан кыйналып турган муктаж үй-бүлөлөр жөлөкпул чектетүү үчүн район борборлоруна барып, кыйла кыйынчылыктарга туштугушат. Анын айынан жөлөкпулдарды төлөөдө иштин жүрүшү создуктурулуп калышы да мүмкүн”, - деген пикирин билдирди.

Депутат Карамат Орозова болсо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын пенсиясы жогорулайт деген түшүндүрмөнүн талкууланып жаткан жөлөкпулдар тууралуу мыйзамга кайнаса каны кошулбастыгын айтып, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин пенсиясы атайын өзүнчө токтом менен жөнгө салынарын ырастап берди.

"Жөлөкпулду чындап муктаж болуп жаткандар албай жаткандыгына алардын үйүндөгү чоң аталарынын, чоң энелеринин пенсиясы эсепке алынгандыгы себеп болууда.Ошондуктан, жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоору коррупцияга каршы экспертизадан өтүшү керек",- деген талапты депутат Айнуру Алтыбаева айтып чыкты.                              

Өкмөт сунуштап жаткан жөлөкпулдар тууралуу мыйзам долбоору жакшы болгон эски мыйзамды жаңы бирок, жаман мыйзамга айландырып салгандай эле болду, - деген  көз карашын депутат Кенжебек Бокоев ортого салды.                               

Чындап жөлөкпул боюнча жардамга муктаж болгондор канча? Алардын тизмесин тактоодо адилеттик сакталабы? Бул суроолорду  сураштырган депутат Айнура Осмонова бюджеттен каралган каражатарды так эсептөө кажеттигин белгиледи.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 823

Окшош жаңылыктар