Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊеш депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскеришти

17-03-2018 10:40

Бүгүн, 17-мартта Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскеришти.

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Боспиек айылында мындан он алты жыл мурун катталган кайгылуу окуяда каза болгондорду эскерүү үчүн парламент депуттары менен аппарат кызматкерлери Ала-Тоо аянтындагы Аксы, апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган монументке гүлчамбарларды коюшту.  

 

Жогору Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3646

Окшош жаңылыктар