Тармактык комитеттин мүчөлөрү Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдуу планы менен таанышты

16-03-2018 13:10

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтунда көчмө жыйын уюштуруп, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдуу планы менен таанышты.

Белгилүү болгондой, 3540 гектарды түзгөн И.Ахунбаев, Алмата, Д.Садырбаев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн чегиндеги борбордук аймак тандалып алынып, атайын деталдуу план иштелип чыккан. Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун директору Жыргал Асаналиевдин айтымында, жумуш 2014-жылдын аягында башталып, иштелип чыккан план жакында эле коомдук талкууга коюлду. Анда шаардагы социалдык мекемелер, жашыл аянттар, калк жашаган үйлөр, жолдор жана башка ушул сыяктуу курулуштардын долбоорлору камтылган. Айрыкча, шаардын экологиясын жакшыртуу багытында жашыл аянттардын аянтын 250 гектардан 359 гектарга кеңейтүү планы коюлган.

Өз кезегинде тармактык комитет мүчөлөрү калаанын деталдуу планы өтө зарыл экендигин белгилешип, аны жалпы коомчулукка түшүнүктүү кылып иштеп чыгууга чакырышты. Алсак, депутат Тынчтыкбек Конушбаев деталдуу планда шаар кайда, кандайча өнүгө тургандыгы ачык көрсөтүлүп, келечектеги максаттар толук чагылдырылышы керектигин билдирди. “Бишкек шаарындагы жүрүп жаткан курулуш тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу үчүн деталдуу план негизги мааниге ээ. Айрыкча, инвесторлор үчүн кайсы жерге кандай имараттарды, жайларды курууга болорун ачык көрсөткөн документ болуп бериши керек”, – деди Т.Конушбаев.

Андан тышкары эл өкүлдөрү, көп кабаттуу имараттарды, унаа токтоочу жайларды жана тыгындарды азайтуучу жолдорду куруу керектигине токтолушту.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

           

Көрүүлөрдүн саны : 488

Окшош жаңылыктар