Бюджет чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө, Бюджеттик кодекстеги карама-каршылыктарды жоюуга багытталган мыйзам долбоору демилгеленди

14-03-2018 11:41

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Таабалды Тиллаев, Алмазбек Эргешов.

Мыйзам долбоорунун концепциясы менен демилгечилердин бири депутат Таабалды Тиллаев баяндама жасады. Анын айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиндеги карама-каршылыктарды жоюуну, ага тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү муктаждыгы бар. Андан улам бюджет чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык базасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында демилгеленип жатат. Баяндамачынын сөзү боюнча Бюджеттик кодекстин 15 беренесине 45тей өзгөртүү киргизилүүдө.

Мыйзам долбоорунда Бюджеттик кодекстин төмөнкүдөй ченемдеринде карама-каршылыктарды жоюу сунуш кылынат: 1) расмий трансферттерди жана алынган расмий трансферттерди аныктоо; 2) бюджеттердин долбоорлорунда бюджеттин кирешелерин жана (же чыгымдарын) өзгөртүүгө алып келген, кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды эске алуу эрежелерин жөнгө салган ченемдер; 3) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүү тартиби жана мөөнөттөрү.

Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдөгү карама-каршылыктарды жоюу жана алардын өз алдынчалыгын камсыз кылуу үчүн ЖӨБлардын деӊгээлинде бюджеттик процесстин мөөнөттөрүн жана шарттарын түп-тамырынан өзгөртүү сунуш кылынат.

Талкууда депутат Кенжебек Бокоев бир дагы айыл өкмөтү менен мэриядан (жергиликтүү бюджеттен) электр линияларын курууга чыгым чыкпашы керектигин билдирип, долбоордо ушул сыякутуу толуктоолор киргизилип жатканын маалымдады.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1954

Окшош жаңылыктар