Депутаттар тобу «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясын сунуштоодо

14-03-2018 11:32

Жогорку Кеӊеште өлкөнүн электр энергетикасы тармагын жөнгө салуу чараларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Мыйзам долбоорун экинчи окуу жүрүшүндө Өкмөт тарабынан берилген 48 сунуштун 37 сунушу эске алынганын эске салган тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев 11 сунушка ынанымдуу жүйө келтирилбегендиктен кабыл алынбай калганын белгиледи.

«Мыйзам долбоору 2014-жылы эле иштелип чыккан. Өкмөт менен биргелешип иш алпардык. Тилекке каршы, Өкмөттүн мыйзам долбоору боюнча корутундусу өтө кечигип келди, тездетиш керек болчу. Энергетика тармагында түзүлгөн азыркы кырдаалды өзүӊөр көрүп турасыӊар, ишти илгерилетпесек болбойт», - деп, баяндамачы мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кириши да эске алынганын кошумчалады.

Мыйзам долбоорунда өлкөнүн электр энергетикасы тармагындагы экономикалык жана технологиялык мамилелердин жаӊы укуктук негиздери, ал мамилелердин саясатын иштеп чыгуу жана жөнгө салуу чаралары, электр жана жылуулук кубатын өндүрүү, жеткирүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо жол-жоболору камтылган.

Ушу тапта өлкө аймагында курулган бир катар чакан ГЭСтердин өндүргөн электр кубаты 4 сом 70 тыйындан сатылып алынып жатканы белгилүү болду. Ал эми айрымдары жарыяланган сынакка катышпагандыктан, алар менен азырынча келишим түзүлө элек.

Депутат Дастан Бекешев Өкмөт эмне үчүн ушул кезге чейин электр энергиясына дифференцияланган тарифти киргизүүдөн баш тартып келатканына түшүнбөстүгүн билдирди. «Мындай ыкма өнүккөн өлкөлөрдө колдонулат. Мисалы, кардар күндүз жогорулатылган, ал эми түнкүсүн азайтылган тариф боюнча төлөйт. Күн-түн усулу өзүн актайт», - дейт ал.

Өкмөт өкүлү мындай ыкма Ысык-Көлдөгү мейманкана ээлерине колдонулуп жатканын, ал эми жалпы кардарларга дифференцияланган тариф азырынча киргизилбей турганын, ушу тапта жалпы электр энергиясынын 65 пайызы социалдык тириф боюнча колдонулуп жатканын белгиледи.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1534

Окшош жаңылыктар