Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү демилгеси сунушталууда

14-03-2018 10:01

Жогорку Кеӊеште жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Юстиция министри Уран Ахмедовдун айтымында, каражаттарын мамлекеттик каттоо мөөнөтүн азыркы 1 айлык мөөнөттөн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушталууда. Ошондой эле, аларды каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтердин саны кыйла кыскартылмакчы.

Андан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо критерийлери Өкмөт тарабынан аныкталат. Эгерде мамлекеттик органдар аны каттоодон баш тартса, ал маселе сот аркылуу чечиле турганы белгилүү болду.

Талкуу жүрүшүндө Рыскелди Момбеков жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо критерийлеринин Өкмөт тарабынан аныкталышын аларды көзөмөлгө алуу аракети катары баалады.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1606

Окшош жаңылыктар