ЖАҢЫЛЫКТАР 14.03.18.

14-03-2018 08:57

Жогорку Кеңеш бүгүн, 14-марттагы жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт. “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору болсо экинчи окууга чыгат. “Электр энергетикасы жөнүндөгү”  депутаттар тобу тарабынан демилгеленип жаткан мыйзам  долбоору экинчи окууда талкууланат. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамдын долбоорунун концепциясы да каралат.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндөгү макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Ага ылайык, Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылууга деп 43 млн 200 миӊ доллар бөлөт. Жалпы каражаттын 11 млн 900 миӊ доллары грант, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

Кыргызстанга кандай гана каражат келбесин, бардыгы тең мамлекеттик казынанын эсебинен өтүүгө тийиш. Мисалы, онкологиялык дарттан жабыркагандарды колдоого каралган 10 млн. доллар казынага кириштелбей туруп колдонулуп кеткени кандай? Мындай болбойт, -дейт Акылбек Жапаров Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында.

                                СНХ.А.ЖАПАРОВ

Онкологиялык дарттан жабыркагандарды дарылоого атайын жабдык алдык, - деп элди алдабашыбыз керек. Ошол абалга жеткирбей, дарттын алдын алып, так аныктоо иштерин жүргүзүү кажет. Болбосо, айрым жарандарыбыз ошол жаман илдетке кабылгандыгын акыркы стадияга жеткенде гана билип, дарыланууга кеч болуп калганына өкүнүшүүдө. Бул кылдат ойлонууну талап кылган маселе болгондуктан, чукул чара көрүүгө милдеттүүбүз, - дейт депутат Таалайбек Масабиров тармактык комитеттин жыйынында.

                                СНХ.Т.МАСАБИРОВ

Былтыр салынган жолдордун айрымдары жыл айланбай жарыла баштаптыр. Бул тууралуу маалыматтарды санаган депутат Бактыбек Райымкулов эгемендик алган жылдардан бери 4 млрд. каражат жалаң жол салууга жумшалгандыгын билдирди.

                                СНХ.Б.РАЙЫМКУЛОВ

Мамлекеттик ипотека системасы 2000 – жылы Казакстанда ишке киргенден кийинки биринчи насыя бир жылдан кийин берилип баштаса, Россияда 1999-жылы мамлекететик ипотека реформасы жолго салынган. Бирок, алгачкы насыя 3 жылдан кийин гана таркатыла баштаган. Ал эми Кыргызстанда мамлекеттик ипотека негизделгенден кийин дароо 3 айдан кийин насыялар берилген. Россияда насыянын мөөнөтү 30 жыл болсо, Казакстанда ал 20 жылды түзөт. Ал эми Кыргызстандын шартында бул мөөнөт 15 жыл деп эсептелет. Бул тууралуу маалыматтар КСДП фракциясынын жыйынында айтылган. Бул багыттагы талкууда депутат Төрөбай Зулпукаров айрым жарандарыбыз бюджеттик мекемеде иштегени менен, айлык акылары насыя алууга туура келбей жаткандыгын белгилеп, айрым аныкталбай турган жагдайларды да санап берди.

                               СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                          ТАСМА

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде нөшөөрлөп жаан жаайт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 1...6, Талас, Нарын: 0...5, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 5...10, Ысык-Көл: 4...9 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 14-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 4...6 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 609

Окшош жаңылыктар