Жогорку Кеңештин тармактык комитети Экваториалдык Гвинея Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди орнотууга макулдук берди

13-03-2018 13:50

Бүгүн, 13-мартта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Экваториалдык Гвинея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоору каралды.

Аталган маселе боюнча КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баяндама жасады. Анын айтымында, Кыргызстан Бириккен улуттар уюмуна (БУУ) мүчө-мамлекеттердин баары менен дипломатиялык мамилелерди орнотууга умтулат. Муну менен Кыргызстандын эл аралык аренадагы кызыкчылыгы алга жылат.

Комитет мүчөлөрү Кыргызстандын Экваториалдык Гвинея Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди орнотуусуна макулдук берүү боюнча чечим кабыл алышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1849

Окшош жаңылыктар