“Жарандык коргонуу жөнүндө” КР мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды

13-03-2018 13:50

Бүгүн, 13-мартта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 2-окуудагы “Жарандык коргонуу жөнүндө” КР мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Мыйзам долбоору жарандык коргонуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланышкан коомдук мамилелерди жүзөгө ашырууга, ушул чөйрөдөгү мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана мүчүлүштөрдү четтетүүгө багытталган.

КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мыйзам долбоорун 1-окууда кароодо мыйзам долбоорун “Жарандык коргоо жөнүндө” деп атоо сунушталганын эске салып, КМШ өлкөлөрүндө мындай мыйзам “Жарандык коргонуу жөнүндө” деп аталарын, андыктан мыйзам долбоорунун атын өзгөртпөөнү өтүндү.

Талкууда аталган комитеттин төрагасы Исхак Пирматов мыйзам долбоорун “Жарандык коргоо жана коргонуу жөнүндө” деп атоо боюнча оюн ортого салды. Бир катар тактоочу суроолордон кийин “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1882

Окшош жаңылыктар