ЖАҢЫЛЫКТАР 13.03.18.

13-03-2018 09:13

Бүгүн, 13-мартта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет “Жарандык коргонуу тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Аталган мыйзам долбоору боюнча КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов түшүндүрмө берет. Андан тышкары Кыргыз Республикасы менен Экваториалдык Гвинея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндөгү Биргелешкен коммюникенин долбоору да талкууланат. Бул багытта Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баяндама жасамакчы.

Ушул эле күнү Транспорт коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет дагы кезектеги жыйынына чогулат. Анда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралат. Ал «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү» мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине тиешелүү. Ратификациялык мыйзам долбоорлору да ушул эле комитеттин күн тартибинде турат.

Сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу маселеге бир гана депутаттар эле эмес, жалпы коомчулук дагы жакындан баам салып, сунуштарын айтсын деген максатта “Республика – Ата - Журт” фракциясы парламенттик угуу өткөрүүнү максат кылууда. Иш чара Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулат, - дейт депутат К.Бокоев парламенттик радиого курган маегинде.

                           СНХ.К.БОКОЕВ

Мобилдик капчыктар боюнча коомчулукта айтылып жаткан эки ача пикирлерге кайрылган депутат Зарылбек Рысалиев тиешелүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө суроо жолдоп, элге кандай деп туура түшүндүрмө берип жатасыздар,  - деп азыркы абалдан кабар алды.

                          СНХ.З.РЫСАЛИЕВ

Сүйүнчү пул төлөөдө райондордун айырмачылыктары мындан ары эске алынбайт. Ошондуктан, буга чейин эсепке кошулуп келген коэффициенттер алынып салынат. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова Социалдык маселелер боюнча комитеттин жыйынында депутат Алмазбек Токторовдун суроолоруна жооп бергенде билдирди.

                           СНХ.Т.ИСАКУНОВА

«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун депутаттар М.Бакиров, К.Нурматов, Р.Туманбаева, А.Узакбаев, О.Артыкбаев демилгелешүүдө. Алардын бири депутат Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзамга ылайык, жаратылышы коруктарынын ядролук зонасына мал жаюу, мөмө-жемиш терүү сыяктуу тиричилик иштерин жүргүзүүгө болбойт.

                           СНХ.М.БАКИРОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                 ТАСМА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде нөшөөрлөп жаан жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 7...12, Ысык-Көл: 5...10, Нарын: 1...6 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 9...11 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 170

Окшош жаңылыктар