ЖАҢЫЛЫКТАР 12.03.18.

12-03-2018 09:30

Депутат Исхак Пирматов Ала-Бука районунда 3 айыл өкмөтү суусуз калгандыгын парламент жыйынында айтып чыгып, эгер абал ушул бойдон кала берсе аймакта эпидемия чыгып кетүү коркунучу бар деп кооптонуп, негедир бул маселеге көңүл бурган эч ким жок, -деп кейиди.

                              СНХ.И.ПИРМАТОВ

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев Орто-Токой суу сактагычы боюнча келишимди Жогорку Кеӊеш ратификациялаганын, учурда документ Өзбекстандын кароосунда экенин билдирди.

                              СНХ.Н.МУРАШЕВ

Кыргыз өлкөсү менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору боюнча кыргыз тарап аталган фонддон 25 миллион доллар алат. Анын жарымы насыя болсо, калган 50 пайызы гранттык каражат. Бул акчага өлкөдө мал чарбасын өнүктүрүү багытында 40 долбоорду ишке ашыруу каралган. 25 миллион доллардын 7 миллион доллары консультациялык кызмат көрсөтүүгө жумшалат деп айтылды. Талкууда депутат Алтынбек Сулайманов, - “Сырттан келип жаткан каражаттардын насыя экендигин унутпайлы. Анын басымдуу бөлүгү айлык акыга кетип жаткандыгын кантип түшүнсө болот? Бул жагын кылдат карашыбыз керек”, - деген сынды айтып, даярдалган долбоорлордун 30%ы орто жолдо жоголуп кетпеши керек, -дейт.

                              СНХ.А.СУЛАЙМАНОВ

Депутат Таабалды Тиллаев ишке кире турган донорлор менен бирге түзүлгөн долбоордун жетекчиси кантип тандала тургандыгын да тактады.

                              СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Насыяларды алууда ошол каражатты берип жаткан тарап, тактап айтканда эл аралык банктар өз шартын коёт, - деп эле ачык айтып,  келишимди өзгөртүү колубуздан келбейт, - дебейсиздерби, - дейт депутат К.Рыспаев.

                               СНХ.К.РЫСПАЕВ  

Депутат К.Бокоев биринчи инстанцияда турган райондук сотторду мүмкүн элдердин тандоосуна коюп шайласак бул дагы элдин сотторго деген инеиимин бекемдей алат беле? – деген жеке пикирин да “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

                               СНХ.К.БОКОЕВ

Аймакты өнүктүрүү жылында андагы көйгөйлөрдү чечүүнүн эптүү жолу аял депутаттардын аракетине байланыштуу. Андыктан, алардын потенциалын жогорулатуу үчүн тиешелүү мыйзамдын өзгөртүүлөрүн караштырып жатабыз, - деди депутат Карамат Орозова.    

                              СНХ.К.ОРОЗОВА  

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                   ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан нөшөөргө айланат. Ысык-Көл жана Нарын облустарында кээ бир райондорунда гана жаан жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 5...10, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 6...11, Ысык-Көл: 4...9, Нарын областында 2...7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 12-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 8...10 градус жылуу болот.
 


 

Көрүүлөрдүн саны : 180

Окшош жаңылыктар