Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Чыныбай Турсунбеков Түркия Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту

25-07-2016
10:32

Жогорку Кенештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 22-июлда Түркия Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу кызматташуусу жогорку деңгээлде экендиги белгиленип, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана Парламенттер аралык байланышты күчөтүү багытында кызматташууну активдештирүү боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды.

Ошондой эле 2016-жылдын күзүндө Бишкекте өтүүчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин даярдыктары жана Саммитин мааниси белгиленди.

Төрага Чыныбай Турсунбеков менен Түркия Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун бардык деңгээлиндеги байланыштарды чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов да катышты.

Эки тараптуу жолугушуу Кыргыз Республикасынын Туркиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулду.

КР ЖК Басма сөз кызматы