ЖАҢЫЛЫКТАР 07.03.18.

07-03-2018 09:25

Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-марттагы жыйынында “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” мыйзам долбоорун 3-окууда, ал эми “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн 1-окууда карайт. Андан сырткары бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууга коюлат.

Төрага Дастанбек Жумабеков кечээ Жогорку Кеңеште өткөрүлгөн “Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота” аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форумуна катышты. Өз сөзүндө парламент спикери Жогорку Кеңеште да айым депутаттардын саны көбөйүп, жогорку министрлик кызматтарды аялдардын аркалап жатышы демократиялык багытыбыздагы башкы жетишкендигибиз, - деп белгиледи. Ошондой эле жалпы аялзатын алдыдагы 8- март жаз майрамдары менен куттуктады.

                            СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

“Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота” аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форумуна республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөт менен бир катар коомдук-бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында айылдык кеңештерде мандаттардын 30%ын аялдар үчүн резервге калтыруу маселелери талкууланды. Бул багыттагы пикири менен бөлүшүп, форумдун айрым катышуучулары “Парламент” радиосунун да түз эфиринде болушту. Алардын бири Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Сары –Булак айылдык  кеңешинин төрайымы Роза Шаймолдоева жергиликтүү кеңештердин аймактардагы ролу, бюджеттин туура бөлүштүрүлүшү тууралуу айтып, өз айылынын мисалында жасалып жаткан иштерди санап берди.

                           СНХ.Р.ШАЙМОЛДОЕВА

Нарын областынын Кочкор районунун Кочкор айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Бурул Кыйырова  да улуттук аялдар форумунун делегаты. Ал дагы айыл жергесиндеги жергиликтүү бюджетти колдонуу менен чечилип жаткан иштердин бири катары мектеп окуучуларынын жеңилдетилген көйгөйлөрүн айтып берди.

                           СНХ.Б.КЫЙЫРОВА

Жергиликтүү кеңештин депутаттары коомдук иш катары эл көйгөйүн чечип, бир тыйын айлык акы албастан туруп патриоттук дух менен иштей беришет. Кур дегенде алардын мээнети текке кетпесин үчүн алардын жергиликтүү кеңеш депутаты болуп турган жылдарын эмгек стажысы катары санап койсо жакшы болмок, - дейт улуттук аялдар форумунун катышуучусу, Кадамжай районундагы Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Майрамкан Айдарова.

                           СНХ.М.АЙДАРОВА

Жергиликтүү кеңештерге ошол аймактын эли көптөгөн суроолор менен кайрылышат. Аларга жооп берүүнүн мөөнөтү жумушчу эки жумалык убыктты алат. Бул багытта Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Жылдыз Тойтиева да өз аймагындагы иш ыргагын тааныштырды.

                           СНХ.Ж.ТОЙТИЕВА

“Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү жөнүндөгү” Жогорку Кеңеш токтомунун ишке ашырылышы тармактык комитетте каралды. Бул багытта демилгечи депутат Зиядин Жамалдинов баяндама жасап, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү кошумча суроолорго жооп беришти. Депутат Зиядин Жамалдинов айтып жаткан маселе боюнча Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институту түзүлүшү керек. Бул жагынан имарат издеп деле убара тартуунун кереги жок. Кыргыз – орус (Славян) университети имарат – жайдан жардам берүүгө даяр. Эң башкы максат – кыргыз тарыхын изилдөө азыркы учурда тилибиз кийген кейипти кийип, ара жолдо калбашы керек, - дейт. З.Жамалдинов.

                           СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Депутат Алмазбек Токторов эгер тарыхты тыкыр иликтей турган өзүнчө институт болсо анын керектөөлөрүнө канча каражат жумшала тургандыгын тактады.

                           СНХ.А.ТОКТОРОВ

Адистердин айтымында, учурда иштеп жаткан тарых институтуна жылыга каралган каражат болгону 7 млн. сомду түзөт. Анын 6 млн. сому айлык акыга жумшалат. 1 млн. сому коммуналдык кызматтарга, жумушчу сапарларга (командировкаларга) сарпталат. Каражаттын аздыгынан экспедицияларга чыгуу иштери да дээрлик жүрбөйт деле. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев билдирди.

                           СНХ.М.ЖУМАТАЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                    ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын нөшөөргө айланышы мүмкүн. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда гана жаан жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы  Чүй, Талас: 3...8, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 8...13, Ысык-Көл:  6...11, Нарын: 2...7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 7-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 6...8 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 272

Окшош жаңылыктар