ЖАҢЫЛЫКТАР 06.03.18

06-03-2018 08:56

Бүгүн, 6-мартта Эл аралык иштер коргоо жана коопсуздук боюнча комитет кезектеги жыйынында КР Катар мамлекетиндеги элчиликтин 2016 – 2017 жылдардагы ишмердиги боюнча маалыматты угат. Ал эми Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет болсо 2018-жылдын 1-мартында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында курулуп жаткан алтын чайкоочу фабрикада болуп өткөн инцидент тууралуу «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнун башкы директору М.Жээналиевдин кайрылуусун карайт. Бул маселени талдоо демилгеси тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевге таандык.

Ушул эле 6-март күнү Жогорку Кеңештеги жыйындар залында "Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота" аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму өтөт. Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөт менен бир катар коомдук-бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Форумдун катышуучулары бойго жетпеген өспүрүмдөр арасындагы никеге тыюу салуу маселесин жана айылдык кеңештерде аялдар үчүн бөлүнгөн квота көйгөйүнө тиешелүү мыйзам долбоорун талкуулашат.Ушул эле күнү саат 13:30да У.Салиеванын эстелигине гүлчамбарларды коюу иш-чарасы өтөт. Жогорку Кеңеште аккредиттелбеген ЖМК өкүлдөрү иш-чарага катышуу үчүн 639200, 0558 50 00 77 телефон номурлары аркылуу катталуусу зарыл.

“Онкологиялык кызматты колдоо боюнча фонддун” түзүлүшү канчалык деңгээлде мыйзамдуу? Бул суроону депутат Акылбек Жапаров Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында тактады.

                          СНХ.А.ЖАПАРОВ

Депутат Айсулуу Мамашева, - “Онкологиялык кызматты колдоого каралган 10 млн. доллардын 7 млн. каражаты коммерциялык банктын эсебине келип түшкөн. Эмне себептен операция казначейлик тарабынан жүргүзүлгөн эмес? Бул маселени комитет карап чыгышы керек”, - дейт.

                          СНХ.А.МАМАШЕВА                    

Депутат Жанарбек Акаев “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасы Өзбекстандын 137 миллион сомдук карызын эмнеге кечип жибергендигин тактап, мындай суммадагы каражат Кыргызстанга кереги жок беле? - деген суроону койду. Ошондой эле ал вагон сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерде коррупцияга шек жараткан фактылар, түзүлгөн келишимдерге жасалган шалаакылык мамиле тууралуу да айтып берди.

                          СНХ.Ж.АКАЕВ

Айдаркен сымап комбинатында тартылган инвестор боюнча толук маалымат берүүнү талап кылган депутат Закир Шарапов, - “Комбинатта жасалып жаткан иштер көз боемочулукка окшоп бара жатат”,- дейт.

                         СНХ.З.ШАРАПОВ

Депутат Таабылды Тиллаев Кадамжай районундагы Шамбе-Сай алтын кенин иштетүүдө жергиликтүү элдин талаптары, кызыкчылыктары эске алынбай жатканын айтып, дегеле кен байлыктардын иштеши боюнча мониторинг жүргүзүп, өзүнчө маселе катары кароону сунуш кылды.

                        СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                               ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6- мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй:12...17, Талас:10...15, Ош, Жалал-Абад, Баткен:14...19, Ысык-Көл:5...10, Нарын:3...8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 15...17 градус жылуу

Көрүүлөрдүн саны : 158

Окшош жаңылыктар