ЖАҢЫЛЫКТАР 05.03.18

05-03-2018 09:21

3-март мамлекеттик туунун кабыл алынган күнү белгиленди. Бул датага байланышкан иш чарада Төрага Дастанбек Жумабеков желек, герб жана гимн Кыргызстандын башкы байлыгы экенин белгилеп, аларды иштеп чыккан авторлорго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Дастанбек Жумабеков авторлордун талыкпай изденип, көп түйшөлүп жасаган эмгеги кыргыз мамлекети менен түбөлүк жашай берерине токтолуп: “Эгемен өлкөбүздүн ар бир жараны мамлекеттик символдорубузду ыйык тутуу менен алардын авторлору катары сиздерге сый-урмат көрсөтүүгө милдеттүү”, – деп кошумчалады.Андан сырткары, 3-март мамлекеттик туубуздун кабыл алынган күнү менен куттуктап, материалдык колдоо көрсөтитү. Белгилей кетсек, жолугушууга туунун авторлору Б.Жайчибеков, Ж.Матаев, Э.Айдарбеков, гимндин авторлорунун бири Ш.Кулуев жана гербдин авторлорунун бири С.Дубанаев катышты.     

Бүгүн, 5-мартта Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт. “Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да  үчүнчү окууга чыкмакчы. “Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү жөнүндөгү” Жогорку Кеңеш токтомунун ишке ашырылышы да талкууга коюлат.

Ипотека төлөө мөөнөтүн кеминде 25 жылга узартып, төлөм пайызын азайтуу зарыл. Мындай пикирин билдирген КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, - “Жарыбаган маяна алып жаткан мугалим ипотека акысы үчүн айына 20 миң сомду кантип төлөйт, ойлонуп көрсөңүздөр?”, - деген суроону «Арзан турак жай – 2015-2020» программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат угулуп жатканда Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчисине жолдоду.

                            СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Мамлекеттик ипотека боюнча насыя алууда медициналык кызматкерлердин деле чамалары чакталуу, - деген депутат Карамат Орозова коммерциялык банктар тарабынан берилип жаткан жөнөкөй ипотекалык насыядан мамлекеттик ипотекалык насыянын эмне айырмасы бар экендигин сураштырды.

                          СНХ.К.ОРОЗОВА

Андан тышкары, КР Президенти тарабынан 2018-жыл Региондорду өнүктөрүү жылы катары жарыялангандыктан, ар аймакта көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курула турганы белгилүү болду. Андан тышкары, 20 чакан шаардын мэриясы менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Депутат А.Карашев “Жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдын күчүнө киришин 2018-жылдын 1-апрелине чейин узартылганын айтып, аткаруу бийлиги бул багытта эмне иштерди жасап жатканына кызыкты.

                           СНХ.А.КАРАШЕВ

 “Социалдык өнүктүрүү министрлиги “Жөлөк пулдар тууралуу” даяр мыйзамды аткара албай жатат. Ал бала төрөлгөндөгү КР Өкмөтү тарабынан берилүүчү сүйүнчү пулду алуу маселесине тиешелүү. Мунун жөндөн - жөн эле татаалдаштырылып жатканы көрүнүп турат, - дейт депутат Аида Касымалиева. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө жөлөкпул маселеси региондордо башкы көйгөйгө айлангандыгын тана албайбыз, - дейт.                         

                          СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Өкмөт менен анын тиешелүү органдары жол салуучу компаниялардан сапатты талап кылып, ал боюнча чараларды көрүшү керек. Болбосо, соңку он жыл аралыгында көп жолдор салынды, көп жолдор оӊдолду,  бирок алардын сапаты алымсындырбайт. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                         СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Жаздын биринчи айы кирип келди, бирок аймактарда ирригациялык иш-чаралар дагы деле баштала элек. Бул боюнча маселе көтөргөн депутат Нодирбек Каримов Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн каналынын башына дамба куруу зарылдыгын чечмелеп берди.

Бүгүн, 5-март Ак калпак күнү. Бул датаны жыл сайын белгилөө жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынгандыгына 2 жылга чукулдап калды. Убагында бул демилгени коомчулуктун пикирин эске алып депутат Тазабек Икрамов көтөрүп чыккан. Кийин улуттук кийимдерди ар бирин баш кийим дагы башка... - деп бөлүп олтурбай, жалпы эле түшүнүк менен кабыл алуу тууралуу көз караштар айтылган. Алардын бири депутат Гүлшат Асылбаевага таандык. Эми ошол токтомго топтолгон талаптардын аткарылышы кандай жыйынтыктарды берүүдө? Бул тууралуу  пикир бөлүшкөн депутат Тазабек Икрамов, - “Кыргыз калпагына тиешелүү кабыл алынган токтомдо сырттан импорттолуп келип жаткан калпактарга чек коюлгандыгын билдирди. Антпесе, алар атаандаштыкта артта калып, улуттук баалуулуктарыбыздын баркын кетирип жаткандыгы белгилүү”, - дейт. Ошондой эле ал “ак калпактуу кыргыз эли”, - деп бекеринен айтылбагандыгын белгилеп, калпактын түсү башка көк, жашыл ыраңдарга өзгөртүлүшүн туура көрбөстүгүн айтты.

                           СНХ.Т.ИКРАМОВ

Элечек дагы ак гана түстө болуш керек. Кыргыз эли көчмөн эл болгондуктан, элечек бир гана тулку бойду түз кармоого, башты жылуулоого эле эмес, жакшылык – жамандыктарга кызмат кылууда дагы керектүү нерсе болгондугуна токтолду. Элечек жашоо менен өлүмдү бирге алып жүргөн атрибут. Көчмөн элибиз жер которгондо ошол эле элечек жолдо жаңы ымыркай жарык дүйнөгө келсе ага ороо –чулгоо болсо, кокус адам кайтыш болуп кетсе кепин катары да колдонулгандыгын тарыхый маалыматарга таянуу менен айтып берген “Элечек” жумалыгынын уюштуруучусу Айжан Акылбекова, шайлоо компанияларында миллиондогон каражаттарды таштандыга айланчу рекламалык жарнактарды чыгаргандан көрө, ошол саясый талапкерлер улуттук кийимдерди жарнамалоого каражат коротушса, алда канча пайдалуу да, көрүнүктүү да иш болмок эле, -дейт.

                         СНХ.А.АКЫЛБЕКОВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                  ТАСМА

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 9...14 Талас: 8...13 Ош, Жалал-Абад, Баткен: 11...16, Ысык-Көл 3...8, Нарын:2...7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 12...14 градус жылуу болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 206

Окшош жаңылыктар