ЖАҢЫЛЫКТАР 02.03.18

02-03-2018 08:33

Бүгүн, 2-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндөгү маселе КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында каралат. Бул багытта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Санжар Мукамбетов баяндама жасайт.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет Жерди пайдалануу маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү карады.  Анда байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин алуу жана аны жөнөкөйлөтүү тартибине байланышкан көйгөйлөрдү камтылат.

Айыл жерлериндеги тургундардын бир тобу уюлдук телефондордун тейлөө сапатына нааразы. Мындай көрүнүш менен депутат Калдарбек Баймуратов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында тааныштырды. “Эгерде тиешелүү жабдыктар айыл ичинде эмес, тоо башына орнотулса,  талапка жооп бермек”, -дейт эл өкүлү.

                           СНХ.К.БАЙМУРАТОВ

Бюджет жана финансы боюнча комитет Бишкек Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын ачылышы, бирдиктүү иштелиши жана өткөрүлүп берилиши, кыргыз жарандарынын Түркияда медициналык жана медицина тармагындагы адистиктер боюнча билим алуусу тууралуу келишимди жактырды. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, оорукана 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Жылына 20 дарыгер жана 5 мектептин бүтүрүүчүсү бекер окутулат. Алар окуп келгенден кийин 3 жыл оорукананын өзүндө иштөөгө тийиш. Ушул эле маселе Эл аралык иштер боюнча комитетте да каралган. Андагы айтылган пикирлер менен кабарчыбыз Айдана Каныбекова тааныштырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн  ортосундагы Бишкек кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы, бирдиктүү иштетилиши жана өткөрүлүп берилиши жөнүндө макулдашуунун долбоору Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинде каралган учурда бул маселе боюнча КР Тышкы иштер министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин көз караштары эмнеге бири – бирине дал келбестиги айтылды. Бул жагдайга депутат Акылбек Жамангулов  кайрылды.

                           СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Ушул эле теманы уланткан Салматтыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Бишкектеги Кыргыз Түрк “достук” ооруканасынын курулушу аяктагандыгын билдирди. Ошондой эле ал бул жааттагы Түрк президенти Реджеп Таип Эрдогандын колдоосу зор болгондугун да кошумчалады.

                          СНХ.Т.БАТЫРАЛИЕВ

Чет мамлекеттерде жүргөн мекендештерибиздин коопсуздугун камсыздоо маанилүү маселе. Бул тууралуу “Тышкы миграция тууралуу” мыйзамда сөз болот. Ага кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрдүн маанисин кабарчыбыз Саадат Нармамбетова талдап көргөн.

Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет  “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карады. Бул боюнча  Кыргыз өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик  кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров баяндама жасады.  Анда маалымдалгандай, экстрадициялоо процессинде керектелген иш кагаздарын талап кылуу тартиби жөнөкөйлөштүрүлөт.

                           СНХ.Т.ЖАПАРОВ

Депутат  Ирина  Карамушкина  Казакстандагы кыргыз жарандарын өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу сунуш менен Премьер-министрге кайрылды. Ошондой эле ал, “Казак Республикасында 19 жылга соттолгон кыргыз жараны жазасын өз өлкөсүндө улантсын” – деген мисалдарга да токтолду.

                          СНХ.И.КАРАМУШКИНА  

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                      ТАСМА

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 0...5, Ош, Жалал-Абад, Баткен 4...9 градус жылуу болот. Ысык-Көл: -1...+4 градуска чейин жылуу болот. Нарын -2...-7 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2-мартта кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 3...5 градус жылуу болот.

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 147

Окшош жаңылыктар