ЖАҢЫЛЫКТАР 01.03.18

01-03-2018 09:01

Бүгүн, 1-марттагы жыйынын Жогорку Кеңеш “Ар кандай маселелер” саатынан баштайт. “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо үчүнчү окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да үчүнчү окууга киргизилет. “КМШ Парламент аралык ассамблеясынын алкагында жыл сайын Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору дагы демилгеленүүдө.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Будапеште өтүп жаткан Борбор Азия+ Вышеград тобу" министрлердин жолугушусунун алкагында депутат Асылбек уулу Дамирбектин кармалышынын жана анын жарандыгына байланыштуу жагдайларды Казакстандын Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов менен жолугушуууда талкуулады, - деп жазат ТИМдин маалымат кызматы.

Жарандык коргонуу тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатат. Буга чейин мындай мыйзам болбогондуктан, адегенде анын аталышын тактап алышыбыз керек, - деген пикирлер тармактык комитеттин жыйынында айтылды. Аталган Эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитенинин төрагасы Исхак Пирматов бул жагдайда комитет кортундусу менен тааныштырды.

                            СНХ.И.ПИРМАТОВ

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мыйзам аталышына келгенде тармактык комитет сунуштаган вариантка ынай бербестигин айтып, анын себебин эл аралык макулдашуулардын мисалдары менен түшүндүрдү.

                            СНХ.К.БОРОНОВ

Жогорку Кеңеш жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды. Анда  Казы Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы мындан ары Билим берүү министрлигине эмес, Тышкы иштер министрлигине караштуу атайын  адистештирилген  жогорку окуу жайына айландырылат деп айтылат. Талкууда депутат К.Иманалиев аталган ЖОЖдо окутуу иши Кыргыз дипломатиясы үчүн пайда алып келгидей болушу керектигин айтып, пайдасы жок сабактарга убакыт коротуудан, интернеттен даяр дипломдук иштерди көчүрүп алуунун арылууну белгиледи.

                            СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Жогорку Кеңеш кечээки жыйынында “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн 3-окууда карады. Талкууда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү республика боюнча кургак учук менен ооругандардын жалпы саны азайып бара жаткандыгын маалымдады. Бул оору менен күрөшүү үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон 1,5 млрд сомдун жарымы гана бөлүнөрүн да ачыктады. Калганы Глобалдык фонд сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан каржыланууда, - дейт адис. Ал эми депутат  Алмазбек Токторов флюрографиядан өтүү талабы көпчүлүк тармактардын адистерине милдеттендирилет. Бул акы төлөө жолу менен ишке ашабы, же акысызбы? – деген жагдайларды тактады.

                           СНХ.А.ТОКТОРОВ

Айыл жерлерине уюлдук байланыштардын, интернет кызматтарынын толук кандуу жетишин камсыздап, алардын сапатын жогорулатуу учурдун зарылчылыгы. Болбосо, андагы пенсия алуучулар терминал бар, интернет жок жерлерде каражаттарын ала албай калган учурлар бир топ эле жолугаарын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов айтып чыкты.

                          СНХ.А.ЭРГЕШЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                 ТАСМА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй,Талас: 6...11, Ош, Жалал-Абад: 9...14, Баткен: 10...15, Ысык-Көл 3...8 градус жылуу болот. Нарын:-2...+3 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 10...12 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 174

Окшош жаңылыктар