ЖАҢЫЛЫКТАР 28.02.18

28-02-2018 08:30

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралат. Анда  Казы Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы мындан ары Билим берүү министрлигине эмес, Тышкы иштер министрлигине караштуу атайын  адистештирилген  жогорку окуу жайына айландырыла тургандыгы айтылат. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо үчүнчү окууда талкууга коюлат.  “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын түзөтүүлөрү да  үчүнчү окууга сунушталат.  

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кечээки жыйынында белгилүү болгондой, 26-февраль күнү Кемин районунун Ак-Түз айылында жайгашкан кен ылгоо ишканасынын түтүгү жарылып, уулуу саркынды суулар Кичи-Кемин дарыясына куюла баштаган. Эгерде андан коркунуч жарала турган болсо, ал «коркунучтуу участкалар» тизмесине киргизилип, атайын көзөмөлгө алынар – алынбастыгын депутат Ирина Карамушкина сураштырды.              

                                    СНХ.И.КАРАМУШКИНА

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, «коркунучтуу участкалар» тизмеси жыл сайын жаӊыртылып турат. Өткөн жылы бизде 20 миӊ коркунучтуу участка катталса, быйыл ал 15 миӊге чейин кыскарган.

                                  СНХ.К.БОРОНОВ

Өспүрүмдөргө карата колдонулуп жаткан зордук – зомбулуктарды  канткенде болтурбай коюуга болот? Бул суроо Социалдык маселелер боюнча комитетте каралды. Бул багытта бир катар депутаттар өз пикирлерин ортого салып, тармактык комитетке протоколдук тапшырмалар берилген. Анын аткарылышы тууралуу ар бир тиешелүү министрлик менен ведомстволордун жетекчилери келип баяндама жасашты. Мисалы, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, 59 миң 652 бала ички жана тышкы мигранттардын балдары экендиги аныкталган.

                                   СНХ.К.АСАНОВ

Талкууда депутат Аида Касымалиева балдар менен иштей турган психолог адистердин эсеби жетишер – жетишпестигин тактап, ар бир аймакта иштеп жаткан балдар борборлорунун орду кандай болуп жаткандыгын сурады.

                                  СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

КР Эмгек жана социалдык өнүүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотованын белгилешинче, балдарга карата болуп жаткан зордук - зомбулуктардын алдын алуу багытында атайын ишеним телефону иштеп жатат. Ага кайрылгандардын көрсөткүчү тууралуу да маалымат берилди.

                                 СНХ.Ж.ПОЛОТОВА

Жаш балдарга карата сексуалдык зордук – зомбулук көрсөткөндөргө тосмо арыз жазып берсе анын жарактуулугун жокко чыгаруу зарылдыгын сунуштаган депутат Махабат Мавлянова да бул багыттагы иштерден майнаптуу жылыштар болбой жаткандыгын билдирди.

                                СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Чет мамлекеттерде бир баланын трагедиясы бүтүндөй өлкөнүн тамырын зыркыратып, тынчын алат. Ал эми бизде мындай маалыматтар байма –бай маалымат каражаттарында жарыяланып жатат. Бул көрүнүштүн  жөн гана айтылып – айтылып кала бербеси үчүн туура эмес чечим чыгарган сот, прокуратура кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралууга тийиштигин, -депутат Жанар Акаев айтып чыкты.

                                 СНХ.Ж.АКАЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                      ТАСМА

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 6...11, Талас: 5...10, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 9...14, Ысык-Көл: 3...8 градус жылуу болот. Нарын: -4...+1 градуска чейин жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 28-февралда абанын температурасы 8...10 градус жылуу болот.
 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 175

Окшош жаңылыктар