ЖАҢЫЛЫКТАР 22.02.18

22-02-2018 08:54

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңеш  өз олтурумун адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү  үчүнчү окууда каралат. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкуудагы негизги маселелердин катарын толуктамакчы. Курорттук зонадагы турак – жайларды суткалык ижарага берүү тууралуу мыйзам долбоору да үчүнчү окууга чыгарылат.

Жогорку Кеӊештин депутаттары Руслан Казакбаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аалы Карашев, Мирлан Жеенчороев, Алмазбек Баатырбеков кечээ, 21-февралда Европа кеӊешинин Венеция комиссиясынын Аймактык кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысы Сергей Кузнецов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Жолугушууларга Венеция комиссиясынын долбоор тескөөчүсү Зара Гаспарян, Венеция комиссиясынын электрондук реформа боюнча долбоорунун улуттук узак мөөнөттүү консультанты Гүлмира Маматкеримова катышты. Кыргызстандагы парламенттик жана президенттик шайлоолордун жүрүшү, саясий партиялардын, анын ичинде парламенттик фракциялардын абалынан кеп салган Мирлан Жеенчороев «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам бир топ жыл мурда кабыл алынгандыктан, моралдык жактан эскирип калганын, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы бар экенин белгиледи. Белгилей кетсек, Европа кеӊешинин Венеция комиссиясы 1990-жылы түзүлгөн. Анын расмий толук аталышы – Укук аркылуу демократия үчүн европалык комиссия – конституциялык укуктар боюнча консультативдик орган.

Гидрометеорологиялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү жарандар жана жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптары бузулса алардын администрациялык жоопкерчилигин кароо боюнча мыйзам долбоору демилгеленүүдө. Кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңеш бул багытта даярдалган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине” сунушталган өзгөртүүлөрдү 2-окууда кабыл алынды. Талкууда  депутат Кенжебек Бокоев тиешелүү кызматкердин шалаакылыгынан айлана-чөйрөнүн зыяндуу заттар менен булганышы боюнча маалымат келбей калса же кечиктирлсе, бурмаланса 300 сом өлчөмүндөгү (эсептешүү көрсөткүчүнөн 3кө чейинки) айыппулдун көлөмүн көтөрүү керек дейт.

                                 СНХ.К.БОКОЕВ

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакиров бул мыйзам долбоору менен тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилиги жогорулатуу жана башка мыйзам актылары менен шайкеш келтирүү максаты коюлуп жатканын, айыппулдар аракеттеги мыйзамда буга чейин эле тургандыгын түшүндүрүп берди.

                                 СНХ.М.БАКИРОВ

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун алкагында сунушталып жаткан “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”, “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзамдардын өзгөртүүлөрү биринчи окууда 110 добуш менен кабыл алынды. Бул багытта депутат Аида Исмаилова, -“2012-жылдан бери дары каражаттарынын тизмеси жаңыртылган эмес. Өтө маанилүү болгон дары  каражаттары үчүн бул методика деле жетиштүү иштелип чыккан жок. Болбосо, дарылардын тизмеси ар бир эки жылда бир жаңыртылып турушу керек болчу. Тилекке каршы андай иштер аткарылбай жатат”, - деп саламаттык сактоо министрлигинин ишин сынга алды.

                                СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Антибиотиктерди рецепт менен алууга жетишилди. Бирок, айрым жерлерде аларды врачтын көрсөтмөсү жок деле сатып жаткан учурлар бар экен. Бул жагынан катуу көзөмөлдүк керек. Электрондук тартипте болсо дагы контролдоо иштери колго алынууга тийиш деген талапты депутат Мурадил Мадаминов парламенттин кечээки жыйынында койду.

                                 СНХ.М.МАДАМИНОВ

Эстониянын дары каражаттары менен камсыздаган мекмелериндеги тажрыйбаларды тизмектеген депутат Алмазбек Эргешев да дарылардын ээн – эркин сатылышы кооптонууларды жаратарын кошумчалады.

                                СНХ.А.ЭРГЕШЕВ

Дарылардын сырттан келип жаткан бөлүгү басымдуулук кылат. Алардын инструкциясы ким тарабынан тастыкталат? Аны өндүргөн фармзаводдор тарабынанбы, же биз кабыл алуучу катары өзүбүздө да алардын сапатын текшере алабызбы? – деген суроону депутат Мирлан Жеенчороев көтөрдү.

                                 СНХ.М.ЖЕЕНЧОРОЕВ

Ушул эле күнү саат 12:00дө Жогорку Кеңештеги Басма сөз борборунда Кыргыз Республикасындагы айлана чөйрөнүн абалынын айрым өңүттөрү жөнүндө, “жашыл экономика” принциптерин өздөштүрүүнүн келечектери жана “Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү” статусун жайылтуу чаралары боюнча басма сөз жыйыны өтөт.  Бул багыттагы суроолорго депутат Экмат Байбакпаев жооп бермекчи. Жогорку Кеңеште аккредиттелбеген ЖМК өкүлдөрү иш-чарага катышуу үчүн 63-92-00 телефон номерине кайрылып, каттоодон өтүүлөрү зарыл.

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                         ТАСМА

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 22 - февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:3...8, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 6...11, Ысык-Көл: 0...5 градус жылуу болот. Нарын: -5...-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 22-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 6...8 градус жылуу болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 301

Окшош жаңылыктар