Ысык-Көлдүн жээгине 300 метрден аз аралыкка имараттар курулбашы керек

21-02-2018 16:34

Кыргыз бермети болгон Ысык – Көлдүн тазалыгын камсыздап, экологиялык талаптардын аткарылышын канткенде көзөмөлгө ала алабыз? Албетте, мыйзам жазып, же анын аткарылышын иретке салуу менен эле маселенин чечилбеси чын. Ошондуктан, экологиялык коопсуздук, кынтыксыз тазалык десек, анда жалпы коомчулуктун, ар бир жарандын аң – сезиминдеги өзгөрүүлөрдүн өсүшү зарыл. Көл жээгиндеги ыргытылган таштандыларды тазалоодон тартып, анын бетинде жүргөн суу транспортторуна чейин, кала берсе көл жээгиндеги курулуштардын тиешелүү стандарттарга дал келиши абзел.

Бул тариздерди тизмектеген депутат Максат Сабиров бүгүн, 21-февралда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, “Экологиялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун алкагында “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн маанисин түшүндүрүп берди.

Мыйзам долбооруна демилгечилик кылып жаткан депутаттын айтымында,  көл жээгиндеги курулуштар үчүн совет мезгилинде белгиленген 500 метр деген ченем так сакталганы жакшы болчу. Ал эми акыркы мыйзам түзөтүүлөрүндөгү 100 метр деген ченем менен көлдүн экологиясына зыян келтире турган ар кандай курулуштар курулуп кеткендиги ойлондурат. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору менен Ысык-Көлдүн жээгинен 300 метрден аз аралыкка капиталдык курулуштардын түшүүсүнө тыюу салуу ченемдери демилгеленүүдө. Эгер ал талаптар орундалбаса айыппулга жыгуу жагы да каралмакчы.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 529

Окшош жаңылыктар