ЖАҢЫЛЫКТАР 20.02.18

20-02-2018 09:09

Бүгүн, 20-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн биринчи окууда карайт.  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү” мыйзамга да сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууга чыгат.

 

Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу максатында иш алып бара турган депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына  депутаттар Улан Примов, Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева, Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов, Исхак Масалиев, Мыктыбек Абдылдаев, Сайдулла Нышанов бар. Убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумунда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Канатбек Муратбеков ушу тапта Өкмөт тарабынан түзүлгөн мекемелер аралык комиссия да иштеп жатканын, анын иликтөөлөрү келерки аптада жыйынтыкталып калса, аварияга күнөөлүү жактарды аты-жөнү так аталарын билдирди. Ошондой эле, Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча Кылмыш кодексинин 316-беренеси боюнча («Шалаакылык») кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Бул багыттагы тактоочу суроосу менен депутат Исхак Масалитев УКМКнын өкүлүнө кайрылды.

                    СНХ.И.МАСАЛИЕВ  

Ырасында авариялык абалдын орун алышына көбүнчө жетекчилик эмес, катардагы персоналдар айыптуу деген сөздөр көп айтылууда деген депутат Мыктыбек Абдылдаев дагы УКМКнын өкүлүнө кайрылды.

                              СНХ.М.АБДЫЛДАЕВ

ЖЭБдеги жаңы курулган объектилерде өрт коопсуздугу тууралуу бир дагы белги коюлбагандыгын сынга алган депутат Аида Касымалиева стратегиялык объектиде мындайга жол берилбеши керек эле, -дейт.

                               СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Орто жана Чыгыш Европа, Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү үчүн Вена шаарындагы Бириккен Вена институтунун базасында уюштурулган Соода маселелери боюнча семинарга Кыргыз Республикасынын атынын Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев катышып келди. Семинардын жүрүшүндө парламент өкүлдөрүнө соода саясатын жөнгө салуудагы Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) жалпы ишмердүүлүгү тааныштырылды. Иш чаранын соңунда “Дүйнөлүк соода уюмуна жана эл аралык соода маселелерине парламент мүчөлөрүнүн көңүлүн канткенде бура алабыз?” деген темада “тегерек стол” өттү.

2018-жылы кыргыз парламентинин 80 жылдыгы белгиленет. Бул темага кайрылган депутат Алмазбек Эргешов, аталган маарекени татыктуу өткөрүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу зарылдыгын билдирди.

                             СНХ.А.ЭРГЕШЕВ

Кыргыз эл баатыры, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы Кытайда салтанаттуу түрдө белгиленгени турат. Депутат Улукбек Ормонов борбор калаага Ж.Мамайдын айкелин тургузуу, көчөлөрдүн бирине анын атын ыйгаруу маселеси дале чечилбей тургандыгын аткаруу бийлигине жолдоду.

                           СНХ.У.ОРМОНОВ

Маданиятка кылган мамилебиз ушул деген депутат Ирина Карамушкина эл артисти, белгилүү актриса Назира Мамбетованын кичинекей бир барак тамда жашаган турмушун айтып, КР Өкмөт башчысына эл артистинин 70 жылдык маарекесине байланыштуу аны үй менен камсыз кылууну сунуштады.

                          СНХ.И.КАРАМУШКИНА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                      ТАСМА

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20 - февралда Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 8...13, Талас: 7...12, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 9...14, Ысык-Көл: 1...6 градус жылуу болот. Нарын: 0...-5 градус суук болот.
Бишкек шаарында бүгүн, 20-февралда
жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 10...12 градус жылуу болот.
 



 

Көрүүлөрдүн саны : 172

Окшош жаңылыктар