ЖАҢЫЛЫКТАР 19.02.18

19-02-2018 09:12

Бүгүн, 19-февралда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окуу карайт. “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо экинчи окууда талкууга чыгат. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да талкуу ордосуна коюлмакчы. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн бош кызмат ордуна жарандык коомдон сынак жарыялоо тууралуу маселе да тармактык комитеттин кароосуна чыгат.

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен бизнес менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерин, тактап айтканда, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын талкуулоого арналган парламенттик угуу болуп өттү. Иш-чараны алып барган  тармактык комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев бизнес менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аракеттери өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналарын баса белгиледи.

                                   СНХ.Н.МАКЕЕВ

Азыркы тапта мамлекеттик – жеке өнөктөштүктүн негизинде 17 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу маалымат берген КР вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев парламенттик угуу учурунуда алгачкы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам 2009-жылы кабыл алынса да анын көп жылдары иштебей келгендигин белгиледи.

                                   СНХ.Д.КЕНЕКЕЕВ

“Өлкө жарандары ар дайым сапаттуу медициналык тейлөөгө муктаж. Андыктан, бул маселе өтө орчундуу”.- деген депутат Махабат Мавлянова милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өз миссиясын аткара албай жаткандыгын айтып, сынга алды.

                                   СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Чет мамлекеттерден, өзгөчө Кытайдан келип жаткан азык-түлүктөрдүн коопсуздугу боюнча депутат Аида Исмаилова парламент жыйынында маселе көтөргөн. Ошондуктан, импорттолуп келип жаткан азык-түлүктөр текшерилип, мониторинг жүргүзүлүшү керек, -дейт депутат.  

                                    СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Аймакты өнүктүрүү жылында андагы көйгөйлөрдү чечүүнүн эптүү жолу аял депутаттардын аракетине байланыштуу. Андыктан, алардын потенциалын жогорулатуу үчүн тиешелүү мыйзамдын өзгөртүүлөрүн караштырып жатабыз, - деди депутат Карамат Орозова “Парламент” радиосуна курган маегинде. 

                                    СНХ.К.ОРОЗОВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                         ТАСМА

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй:0...5, Талас: 1...6, Ош, Жалал-Абад: 4...9, Баткен: 5...10 градус жылуу болот. Ысык-Көл: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Нарын: -2...-7 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 19-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 2...4 градус жылуу болот.
 


 

Көрүүлөрдүн саны : 170

Окшош жаңылыктар