ЖАҢЫЛЫКТАР 16.02.18

16-02-2018 09:20

Кечээ, 15-февралда Төрага Дастанбек Жумабеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Диалог алкагында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев борбор калаанын социалдык-экономикалык өсүшүнө зарыл болгон маселелерди биргеликте талкуулоо мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендиги үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Алмаз Кененбаев мыйзамга ылайык республикалык бюджетке толугу менен чегерилүүчү административдик айып пулдардан түшкөн кирешени бөлүү маселесин кайрадан карап чыгуу зарылчылыгына токтолду. “Бирок, шаар калкынын жашоосун жакшыртуу менен аларга татыктуу кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо милдети жергиликтүү бюджетке жүктөлгөн. Аны менен катар сатуудан алынуучу салыкка байланышкан мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү дагы кескин кыскарды”, – дейт Алмаз Кененбаев.

Бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык ЖЭБиндегин авариялык кырдаалдын себебин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын көчмө жыйыны өтөт. Иш-чара шаардык жылуулук борборунда саат 10:00дө башталат. Андан соң комиссиянын көчмө жыйыны Жогорку Кеңештин имаратындагы Батыш залында (1-кабат), саат 14:30да улантылмакчы.

Ушул эле 16-февралда «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышын контролдоо боюнча парламенттик угуу өткөрүлөт. Аны Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет уюштурууда.  Каалоочуларды парламенттик угууга катышууга чакырабыз. Алдын ала жазылуу  63 91 09 телефону аркылуу жүргүзүлөт.

Депутат Бакыт Төрөбаев, - “Сот системасы, прокуратура, КР Өкмөтү боюнча мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун Өкмөт алып келиши керек эле. Бирок, азырынча бул иш ордунан козголбой жатат”, - деп сынга алды.

                                 СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Жарандардын соттуулугу боюнча маалымкатты алуу да өзүнчө машакаттуу. Ошондуктан, аны электрондук жол менен берүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кабыл алынып, Президент тарабынан каршы пикир менен кайра келген. Бул абалга кайрылган депутат Дастан Бекешев 21-кылымда бир кичинекей кагазды алуу үчүн республика аймагынан эл борборго келип, 2-3 күндөп убара тартып жүргүндүгүнө Өкмөттү көңүл бурууга чакырды.

                                СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Көмүскө экономиканын кесепетинен өлкө бюджетине ири суммадагы каражаттар түшпөй жатканын айткан депутат Руслан Казакбаев, - Түркиянын, Казакстандын мүлктөрдү декларациялоо жаатындагы тажрыйбаларын мисалга келтирди.

                              СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Депутат Эмил Токтошев өлкөнүн түштүк аймагына жүктөрдү темир жол менен ташууну көбөйтүү үчүн темир жол менен жүк ташуудагы тарифтерди арзандатуу зарыл, -дейт.

                              СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Социалдык маселелерди чечүүдө депутат аялдардын аракети күч. Ошондуктан, жергиликтүү кеңештердеги айым депутаттардын дагы эсебин жокко чыгарып албашыбыз керек. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

                              СНХ.К.ОРОЗОВА

Депутат Айнуру Алтыбаева, - “Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо мажоритардык системанын сакталып калышы аялдардын депутат болуп келишинде бир топ татаалдыкты жаратууда. Ошондуктан, жок дегенде аялдардын жергиликтүү кеңештерге келишине жол ачууда 30%дан кем болбогон резервдик орундардын караштырылганы туура. Бул максатта даярдалган тиешелүү мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, Жогорку Кеңеш депутаттары аны 102 добуш менен колдоп беришкен болчу. Эми бул маселени акыр аягына чыгаруу максаты турат”, -дейт. 

                              СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Айылдык кеңештердеги аялдардын эсеби улам төмөндөп жаткандыгын бир катар цифралык көрсөткүчтөр менен санап берген “Социалдык технологиялар” агенттигинин өкүлү Бактыгүл Исланбекова да түз эфирге катышып маанилүү маалыматтар менен бөлүштү. “Айылдык кеңештердеги аялдардын курамы 2004-жылы 19%ды түзгөн болсо, жылдан – жылга бул көрсөткүч 2%дан төмөндөп жаткандыгын изилдөөлөр көрсөттү. Эгер ушул темп сакталып олтурса, анда 2020 – жылы жергиликтүү кеңештердеги айымдардын курамы 1-2 гана пайызды түзүп калышы мүмкүн, - деген тынчсыздануулар бар”, -дейт жарандык коомдун өкүлү.

                             СНХ.Б.ИСЛАНБЕКОВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                      ТАСМА

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: -1...-6, Ысык-Көл:0...-5, Нарын:-8...-13 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: -3...+2 градуска чейин жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16- февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы   -2...-4  градус суук болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 247

Окшош жаңылыктар