Курманбек Дыйканбаев КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

14-02-2018 11:39

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдап, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун тиешелүү Жарлыгы менен тааныштырды.

КР Президентинин Аппаратынын биринчи орун басары М. Абулгазиев Курманбек Дыйканбаевдин иш тажырыйбасынан учкай маалымат берип, Жогорку Кеңеш менен жемиштүү иштешет деген үмүтүн билдирди. Курманбек Дыйканбаев V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты (“Республика” фракциясынан) болгон.

Эске салсак, буга чейин КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызмат ордунда Молдакун Абдылдаев иштеп келген.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 588

Окшош жаңылыктар