ЖАҢЫЛЫКТАР 14.02.18

14-02-2018 09:03

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңеш  “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт. “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да  үчүнчү окууда талкууга чыгат. 2016-жыл үчүн Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун баяндамасы да бул жолку жыйындын түштөн кийинки бөлүгүндө каралат. Ошондой эле  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда талдоодон өтмөкчү.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кечээки жыйынында да “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе 3-окууда жактырылган болчу. Долбоор КР Өкмөтү тарабынан демилгеленген. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу эске алынат, - деп каралууда. Бул багытта депутат Кенжебек Бокев жалпы жергиликтүү кеңештердин ишмердүүлүгүнө байланышкан жагдайларга кайрылып, өз пикирин ортого салды.

                             СНХ.К.БОКОЕВ

Депутат Д.Бекешев демилгелеп жаткан “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет карап, жактырды. Анда интернетте негизсиз сын пикир жазгандардын жоопкерчилигин кароо сунушталууда. Моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынуучу айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбош керек ,- деп белгиленүүдө.

                             СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Жанар Акаев, -  " Ушул айыппулдун төмөнкү чеги 20 миң сом болсо, анда анын жогорку чегин да белгилеп коюу керек. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу коомчулукту өз пикирин айтууда ооздуктап салбашыбыз керек. Жеке мен бул мыйзам долбоорун колдобос элем. Кесиптештеримди да ушуга чакырам", - деди.

                              СНХ.Ж.АКАЕВ

Депутат Тазабек Икрамов болсо, тескерисинче сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирип, айыппулдун өлчөмү 20 миңден эмес, 50 миң сомдон башталганы туура болмок, -деп сунуш берди.

                             СНХ.Т.ИКРАМОВ

2018-жылы өлкөнүн 3 облусундагы жолдор, калган жолдор 2 жыл аралыгында паспорттоштурула тургандыгы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин кечээки жыйынында айтылды. Талкууда депутат Алтынбек Жунус уулу көпүрөлөрдүн сапатына дагы көңүл бурулса жакшы болмок, -дейт.

                            СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

Ушул жылдын 16-февралында «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышын контролдоо боюнча парламенттик угуу өткөрүлөт. Аны Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет уюштурууда.  Каалоочуларды парламенттик угууга катышууга чакырабыз.Алдын ала жазылуу  63 91 09 телефону аркылуу жүргүзүлөт.

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                      ТАСМА

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк аймактарында жана Ысык – Көл, Нарын областтарынын айрым райондорунда гана мезгил –мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас:0...5, Ош, Жалал – Абад, Баткен: +2...7 градус жылуу болот. Ысык – Көл областында -1...+4 градуска чейин жылыйт. Нарын: -5...-10 градус суук болот. Бишкек шаарында кыламык кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +2...+4 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 34

Окшош жаңылыктар