ЖАҢЫЛЫКТАР 13.02.18

13-02-2018 09:03

Бүгүн, 13-февралда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет кезектеги жыйынында депутат Айтмамат Назаров демилгелеп жаткан «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорунан тышкары, КР Өзбекстан Республикасындагы элчилигинин  2017- жылдагы ишмердик боюнча баяндамасы дагы угулат. Аны менен Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев тааныштырат.

Соттордун чыгарган чечимдеринен күмөн санабаш үчүн анын мазмуну расмий сайтка жайгаштарылышы керек. Бирок, айыпталып жаткан тараптын аты – жөнү ал жерде толук көрсөтүлбөйт. Себеби, бул адам укуктарына тиешелүү болгон суроо, - дейт ЖК депутаты Кенжебек Бокоев “Парламент” радиосуна курган маегинде. Ошондой эле депутат, - “Ар бир сот болом деген талапкер сынакка катышуу учурунда жазуу жүзүндө мен ишке орношкон соң, өзүмдүн жана жакындарымдын телефон сүйлөшүүлөрүн угууга макулдугумду берем, - деген тил кат жазып бериши керек. Бул тууралуу тиешелүү мыйзамдын өзгөртүүлөрү демилгеленген. Бул дагы соттордун көз карандысыздыгын камсыздоого өбөлгө болот”, - деген мисалдарды келтирди.                          

                                СНХ.К.БОКОЕВ

“Ар бир министрликтер менен ведомстволордогу статс-катчыларды ротациялоо практикаланып жатат. Анда ошол кызмат ордуна сунушталган статс-катчылыкка талапкердин өздүк адистиги ошол тармактын талабына шайкеш келер -келбеси анчалык мааниге ээ болбой калууда.  Бул шашылыш жасалган кадам болуп калды окшойт. Маселени кайра карап чыгуу зарылчылыгы бар”, - дейт депутат Руслан Казакбаев.

                              СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Азыркы колдонулуп жаткан электрондук программалардын автору катары ошол иштеп чыккан тарап таанылып жүрөт. Бирок, мамлекеттик органдар үчүн даярдалган электрондук программаларга негизги буюртманы мамлекеттик мекемелер беришет. Анда ошол ишке кирген электрондук программалардын ээси ким болуп калат? Программалык маалыматтарды камсыздаган тараппы? Же, даярдалган программанын акысын төлөп, ишти улап кеткен мамлекеттик мекемелерби? Ушул аталган суроолордун жообун тактоо максатында “Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Аны Жогорку Кеңеш тармактык комитети кечээки олтурумунда экинчи окууда карады. Бул багытта кеңири түшүндүрмө берип, КР Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Досалы Эсеналиев “Парламент” радиосуна буларды билдирди.                     

                              СНХ.Д.ЭСЕНАЛИЕВ

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулду. Талкууда депутат Зиядин Жамалдинов, - 2017-жылдын жыйынтыгында бюджеттик салык төгүмдөрүн пландалгандан кем чогултканы үчүн Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимовду кызматтан бошотуу сунушун тармактык комитеттин чечимине киргизүү зарылдыгын белгиледи.

                              СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Элдин колундагы малдын саны бир топ өстү. Мындан эки жыл мурунку маалыматтарда эле  6 миллион кой, эчки жана жарым миллион жылкы бар, - деп айтылчу. Бул негиздерге кайрылган депутат Асылбек Жээнбеков “Малынын саны боюнча так маалымат бербеген жарандарга айып пул салуу керек. Малды каттоодон өткөргөн кызмат адамдарынын дагы жоопкерчилиги каралыш керек. Болбосо, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу  маселеси көз жаздымда калып калууда, - дейт парламентарий.

                              СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

Төрага  Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володинге жана Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенкого Москва-Орск каттамындагы  жүргүнчү ташуучу AN-148 учагынын кырсыкка учураганына байланыштуу көңүл айтты. “Москва облусунда көп адамдардын өлүмү менен коштолгон учак кырсыгы тууралуу үрөй учурган кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Бүгүн, 13-февралда саат 15:00до Жогорку Кеңештин Басма сөз борборунда белгилүү америкалык профессор Жозеф Зомпетти парламенттик кабарчылар үчүн эркин сүйлөө жана ойду туура жеткирүү темасында бир жолку окуу курсун өткөрөт.

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                           ТАСМА

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13-февралда Алай өрөөнүнүн чыгышында жана Кумтөр капчыгайында бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:9...14, Талас,  Ош, Жалал-Абад, Баткен: 8...13, Ысык-Көл: 0...5 градус жылуу болот. Нарын: -1...-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Абанын температурасы 11...13 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 212

Окшош жаңылыктар