Ар-намыска шек келтирген маалыматтар адатка айланып алдыбы?

12-02-2018 18:24

Депутат Д.Бекешев демилгелеп жаткан “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун бүгүн, 12-февралда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет карап, жактырды. Анда мисалы жарандын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар интернет түйүнүндө жайгаштырылса жана жарыяланма тийиштүү эмес адамдардын чөйрөсү үчүн жеткиликтүү болсо, анда ар-намыска, кадыр-баркка шек келтирген маалыматтарды төгүндөө тууралуу жарыяланмалардын кандай болушу керектиги түшундүрүлөт.

Моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн белгилөө маселесине кененирээк токтолуунун зарылчылыгы бар. Ошондуктан, бул жерде моралдык чыгымдын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбош керек ,- деп сунушталууда.

Талкууда депутат Жанар Акаев, -  " Ушул сумманын төмөнкү чеги 20 миң сом болсо, анда анын жогорку чегин да белгилеп коюу керек. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу коомчулукту өз пикирин айтууда ооздуктап салбашыбыз керек. Жеке мен бул мыйзам долбоорун колдобос элем. Кесиптештеримди да ушуга чакырам", - деди.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов болсо, тескерисинче сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирип, моралдык чыгымдын өлчөмү 20 миңден эмес, 50 миң сомдон башталганы туура болмок, -деп сунуш берди.

Мыйзам долбоорун колго сала келгенде депутаттар Ж.Акаев, А.Касымалиева, Н.Никитенко каршы добуш беришсе, комитеттин калган мүчөлөрү аны колдоорун билдиришти.

Ошондой эле бул жолку комитет жыйынында Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык  сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобу жөнүндөгү маселе дагы талкууга коюлуп, анын курамында айрым өзгөрүүлөр орун алды.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 365

Окшош жаңылыктар