Мал жандыктарын идентификациялоо жана малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу эрежелерин бузгандардын жоопкерчилиги жогорулатылат

12-02-2018 13:00

Бүгүн, 12-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, Д.Исаева, П.Тулендыбаев, А.Исмаилова.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору мал жандыктарын идентификациялоонун эрежелерин жана талаптарын, ошондой эле малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу жана кармоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн көзөмөлдү жана жоопкерчиликти  жогорулатууга багытталган.

Талкууда учурдагы мал жандыктарын каттоо жүрүмү тууралуу суроолор көтөрүлдү. КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов азыркы күндө бодо малдын ичинен 1 млн. 500 уй дээрлик толугу менен идентификациядан өткөндүгүн маалымдап, Чүй облусунда уйга бирка басуу 90%, калган облустарда 100% бүткөндүгүн, маалымат базасына киргизилгендигин тактап берди. Ошону менен катар музоо туулганда аны ээси 14 күндүн ичинде идентифкациядан өткөрүүсү керектигин кошумчалады. К.Жумакановдун айтымында, бүгүнкү күндө касапканаларда катталган уйларды кайра каттоодон чыгаруу маселеси кыйын болуп жатат.

Талкууда депутат Асылбек Жээнбеков аткаруу бийлик өкүлдөрүнөн республика аймагында кара мал, бодо мал, чарба мал болуп жалпысы канча мал жандыгы бар экендиги боюнча так маалымат ала алган жок. “Жайыттарга илимий жактан негизделген мамиле жасоо үчүн малдын так санын аныктоо керек”,- деген депутат малын идентифкациядан өткөрбөгөндөргө дагы айыппул салуу жагын караштырууну сунуш кылды.  

Мындан сырткары, бир катар депутаттар касапканаларда малды чыгыштоо жөнгө салынмайын канча мал бар экендиги боюнча маалымат такталбастыгын белгилешти. Ал үчүн ар бир айыл өкмөттө чакан-чакан касапканалар болушу керектиги талап кылынууда. Ошону менен катар эл өкүлдөрү мал жандыктарын катттоо маселесиндеги башкы жагдай – айылдардын интернет түйүндөрү менен камсыздалышы экенин баса белгилешти. Анткени интернет жок малдын идентификациясы, идентификацияланган малдын андан аркы пайдаланылышы - багылышы, сатылышы, союлшу көзөмөлдөнбөйт. Бүгүнкү күндө 94 айыл өкмөттө интернет жоктугун такташкан комитет мүчөлөрү бул кемчилик мал жандыктарын идентификациялоого чоң кедергисин тийгизерин айтып чыгышты.

Ошол эле маалда бир катар депутаттар канча жылдан бери чечилбей келе жаткан идентификация маселесинде 2 жылдан бери жылыштар болуп жатканын дагы эске алуу керек дешет.

Ал эми малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу жана кармоо маселеси боюнча республика аймагындагы адам баласына коркунуч жараткан жугуштуу ооруга чалдыгып өлгөн малдар көмүлгөн жайларда турак жай салып алып жашап жаткандарды көчүрүү зарылдыгы козголду. Буга удаа эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоочу химиялык аралашма – пестициддер көмүлбөй калган жайлар боюнча дагы аткаруу бийлигине тапшырма берүү жана тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектиги айтылды. Пестициддер маселеси боюнча өзүнчө талкуу өткөрүп, чечим кабыл алуу боюнча сунуштар түштү.

Соңунда мыйзам долбоорунун концепциясы жактыруу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 491

Окшош жаңылыктар