Айлана-чөйрөнүн зыяндуу заттар менен булганышы жөнүндө маалымат бурмаланса же кечиктирилсе айыппул салуу боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды

12-02-2018 12:03

Бүгүн, 12-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер- Жогорку Кеңештин депутаттары А.Юсуров, М.Бакиров, К.Жолдошбаев.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоевдин айтымында, мыйзам долбоору гидерометеорологиялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү жарандар жана жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптары бузулса администрациялык жоопкерчилик белгилөө максатында иштелип чыккан.

Тагыраак айтканда,

- гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнү түзүүнүн эрежелерин жана талаптарын, айлана-чөйрөнүн абалына жана анын булганышына байкоолорду жүргүзүүнү жана керектөөчүлөргө гидрометеорологиялык маалыматты, айлана-чөйрөнүн абалын жана анын булганышы жөнүндө маалыматты чогултуу, иштетүү, талдоо, сактоо жана берүү боюнча иштерди бузса;

- шашылышы маалыматтарды, авариялык кырдаалдар жөнүндө, айлана-чөйрөнүн зыяндуу заттар жана калдыктар менен булганышынын табылган очоктору жөнүндө кабарларды бурмаласа, кечиктирсе же жеткирбесе жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнөн 3кө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнөн 10дон 20га чейинки администрациялык айыппул салуу каралган.

Талкууда эл өкүлдөрү айлана-чөйрөнүн зыяндуу заттар менен булганышынын очоктору жөнүндө маалымат берилбесе жарандарга айыппул салуу маселеси туура эместигин, мында “жарандарга” деген сөздү “физикалык жактарга” деген сөз айкашы менен алмаштыруу керектигин белгилешти.

Соңунда мыйзам долбоору комитет мүчөлөрүнүн сын-пикирлерин эске алуу менен 2-окууда жактырылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 474

Окшош жаңылыктар